1Теңирим, өч алуучу Кудайым, өч алуучу Кудайым, Өзүңдү көрсөт!
2Ордуңдан тур, жер жүзүнүн Соту, текеберлердин жазасын бер!
3Теңирим, качанкыга чейин кудайсыздар салтанат курушат, качанкыга чейин салтанат курушат?
4Алар өктөм сүйлөп жатышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар менменсинип жатышат.
5Сенин элиңди тепсеп жатышат, Теңирим, Сенин мурасыңды эзип жатышат.
6Жесирди, келгинди өлтүрүп, жетимдердин өмүрүн кыйып жатышат.
7Алар: «Теңир көрбөйт, Жакыптын Кудайы билбейт», – дешет.
8Эсиңерге келгиле, акылсыз адамдар! Деги качан эсиңерге келесиңер, акылы жоктор?
9Кулакты берген Кудай укпайт бекен? Көздү берген Кудай көрбөйт бекен?
10Элдерди эсине келтирген, адамга акыл үйрөткөн Кудай ашкерелебейт бекен?
11Адамдын ойлору курулай убаракерчилик экенин Теңир билет.
12Сен эсине келтирген адам бактылуу, Теңирим. Кудайсыз адамдын көрү казылганга чейин, башына кыйынчылык түшкөн күндөрү Сен ага тынчтык бериш үчүн, Өз мыйзамыңды үйрөткөн адам бактылуу, Теңирим.
14Анткени Теңир Өзүнүн элинен баш тартпайт, Өзүнүн мурасын таштабайт.
15Анткени сот чындыкка кайрылат, анын артынан жүрөгү тазалардын баары ээрчишет.
16Ким мен үчүн кара ниеттерге каршы чыгат? Ким мен үчүн мыйзамсыз иш кылгандарга каршы турат?
17Теңир менин жардам берүүчүм болбогондо, менин жаным бат эле унчукпас өлкөдөн жай алмак.
18Мен: «Бутум тайып бара жатат», – дегенде, Сенин ырайымың мени колдогон, Теңирим.
19Менин жүрөгүмдө кайгы көбөйгөндө, Сенин сооротууларың жанымды жыргатат.
20Кыйратуучулардын тактысында отуруп, мыйзамды кыянаттык менен пайдалангандар Сени менен шериктеш боло алышабы?
21Алар топ-топ болуп, адил адамды өлтүрүүгө жулунушат жана күнөөсүз канды күнөөлөшөт.
22Бирок Теңир менин тирегим, Кудайым менин баш калкалар аска-зоом.
23Теңир алардын мыйзамсыздыгын өздөрүнүн баштарына салат, өздөрүнүн кылмышы менен өздөрүн өлтүрөт, аларды биздин Кудай-Теңирибиз кырып жок кылат.