1Келгиле, Теңирди мактап ырдайбыз, биздин куткаруучу тирегибизди кубануу менен мактайбыз!
2Анын алдына даңктоо сөздөр менен келели, Аны ыр менен даңктайлы.
3Анткени Теңир – улуу Кудай жана бардык кудайлардын үстүнөн улуу Падыша.
4Жер тереңдиктери Анын колунда, тоо чокулары да Аныкы.
5Деңиз да Аныкы, деңизди Ал жараткан, кургактыкты да Анын колдору жараткан.
6Келгиле, Жаратуучубузга – Теңирибизге табыналы, таазим кылалы, Анын алдында тизе бүгөлү.
7Анткени Ал биздин Кудайыбыз, биз Анын жайытындагы элбиз, Анын колу менен жаратылган койлорбуз. Оо, силер Анын үнүн азыр уксаңар кана:
8«Мериба жеринде, чөлдөгү сыноо күндөрүндө жүрөгүңөрдү өжөрлөнткөндөй, жүрөгүңөрдү өжөрлөнтпөгүлө.
9Ал жерлерде Мени силердин ата-бабаларыңар сынашты. Менин иштеримди көрүп турушса да, алар Мени сынашты.
10Мени бул эл кырк жыл каардантты, ошондо Мен мындай дедим: “Бул эл – жүрөгү менен адашкан эл. Алар Менин жолдорумду таанып билишкен жок.
11Ошондуктан Мен каарданып турганымда: «Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп ант бердим”».