Забур 95:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Теңирди жаңы ыр менен даңктагыла. Бүт жер жүзү, Теңирди мактап ырда!

2Теңирге ырдагыла, Анын ысымын даңктагыла, Анын куткаруусун күн сайын жарыялагыла!

3Элдер арасында Анын даңкын жарыя кылгыла, бардык уруулар арасында Анын кереметтерин даңаза кылгыла!

4Анткени Теңир улуу жана мактоого татыктуу, Ал бардык кудайлардан коркунучтуу.

5Анткени бардык элдердин кудайлары – жасалма кудайлар, ал эми Теңир асманды жараткан.

6Даңк менен улуулук Анын алдында, күч жана ыйыктык Анын ыйык жайында.

7Бүт элдер, Теңирге Өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла.

8Теңирди даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла, тартууларды алып келгиле, Анын короосуна киргиле.

9Теңирге Өзүнүн ыйык жайында табынгыла. Бүт жер жүзү, Анын алдында титире!

10Бүт элдерге мындай деп айткыла: «Теңир падышачылык кылып жатат! Ошондуктан аалам бекем, солк этпейт. Ал элдерди адилет соттойт».

11Асман кубансын, жер шаттансын. Деңиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын.

12Талаа да, талаадагы бардык нерселер да кубансын, токойдогу бардык дарактар сүйүнсүн.

13Бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын. Анткени Ал келе жатат, анткени Ал жерди соттош үчүн келе жатат. Ал ааламды адилеттик менен соттойт, элдерди Өз акыйкаттыгы менен соттойт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>