Забур 96:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Теңир падышачылык кылып жатат: жер кубансын, сансыз аралдар шаттансын.

2Анын тегереги – булут жана караңгылык. Анын тактысынын негизи – адилеттик жана акыйкаттык.

3Анын алдында от бара жатат, ал Анын тегерегиндеги душмандарын куйкалап жатат.

4Анын чагылгандары ааламды жарык кылат. Муну көрүп жер титирейт.

5Тоолор бүт жер жүзүнүн Теңиринин жүзүнөн мом сыяктуу эрип жатат.

6Асман Анын чындыгын жарыя кылып жатат, бардык элдер Анын даңкын көрүп жатышат.

7Таш буркандарга кызмат кылгандар жана жасалма кудай менен мактангандар уятка калышсын. Бардык кудайлар, Анын алдына жыгылгыла.

8Сион тоосу угуп кубанып жатат; Теңир, Сенин адилет сотуң үчүн Жүйүт кыздары кубанып жатышат.

9Анткени Сен, Теңир, бүт жер жүзүнөн жогору турасың, Сен бардык кудайлардан жогорусуң.

10Теңирди сүйгөндөр, жамандыкты жек көргүлө! Ал Өзүнүн ыйыктарынын жанын сактайт, аларды кудайсыздардын колунан куткарат.

11Адил адамга жарык тиет, жүрөгү тазаларга шаттык келет.

12Адил адамдар, Теңирди ойлоп кубангыла, Анын ыйыктыгын эстеп даңктагыла!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>