Забур 97:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Забур. Теңирге жаңы ыр ырдагыла, анткени Ал укмуштарды жаратты. Ага Өзүнүн оң колу жана ыйык билеги жеңиш алып берди.

2Теңир Өзүнүн куткаруу ишин көрсөттү, элдердин көз алдында Өзүнүн чындыгын ачты.

3Ал Өзүнүн Ысрайылга болгон ырайымын жана ишенимдүүлүгүн эстеди. Бүт жер жүзү биздин Кудайыбыздын куткаруу ишин көрдү.

4Бүт жер жүзү, Теңирди кубаныч менен даңкта, шаттан, ырда!

5Теңирге гуслинин коштоосунда ырдагыла, Теңирди гусли менен, забур менен мактагыла.

6Сурнай менен мүйүздүн коштоосунда Падыша Теңирдин алдында кубангыла.

7Деңиз шарпылдасын, анда жашагандар шаттанышсын; аалам да, анда жашагандар да кубанышсын.

8Дарыялар да кол чабышсын, тоолор да чогуу шаттанышсын.

9Бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын, анткени Ал жерди соттогону келе жатат. Ал ааламды акыйкаттык менен соттойт, элдерди туура соттойт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>