Забур 98:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Теңир падышачылык кылып жатат: бүт элдер титиреп турушсун! Ал керуптардын үстүндө отурат: жер титиресин!

2Теңир Сион тоосунда улуу! Ал бардык элдерден жогору турат.

3Сенин улуу жана коркунучтуу ысымыңды даңкташсын. Ал ыйык!

4Сен акыйкаттыкты сүйгөн күчтүү Падышасың. Сен адилеттикти орноттуң. Жакыпка адилеттигиң менен калыстыгыңды көрсөттүң.

5Кудай-Теңирибизди даңазалагыла, Анын бут алдына келип таазим кылгыла. Ал ыйык!

6Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен Муса менен Арун, Анын атын чакыргандардын ичинен Шемуел Теңирди чакырышкан, Теңир аларды уккан.

7Теңир аларга булут түрмөгү ичинен сүйлөгөн. Алар Теңир берген осуяттар менен мыйзамды сакташкан.

8Теңир, биздин Кудайыбыз! Сен аларга кулак салдың. Сен алар үчүн кечире турган жана иштерине жараша жазалай турган Кудай болчусуң.

9Теңирди, биздин Кудайды, даңазалагыла, Ага Анын ыйык тоосунда табынгыла, анткени Теңир, биздин Кудайыбыз, ыйык.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>