Забур 99:1-5 KYB2004 - Bible AI

1Мактоо забуру. Бүт жер жүзү, Теңирди даңктап ырда!

2Теңирге кубаныч менен кызмат кылгыла. Анын алдына ыр менен баргыла!

3Теңирдин Кудай экенин, Ал бизди жаратканын, биз Аныкы экенибизди, Анын эли жана Анын жайытындагы койлору экенибизди таанып билгиле.

4Анын дарбазаларына даңктоо сөздөр менен, Анын короолоруна мактоо сөздөр менен киргиле. Аны даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла.

5Анткени Теңир жакшы, Анын ырайымы түбөлүктүү, Анын адилеттиги кылымдан кылымга өкүм сүрөт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>