Захария 1:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, сегизинчи айда Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

2«Теңир силердин ата-бабаларыңарга катуу каарданды.

3Ошондуктан сен аларга айт: Себайот Теңир мындай дейт де: “Мага кайтып келгиле, – дейт Себайот Теңир, – ошондо Мен да силерге кайтып келем, – дейт Себайот Теңир.

4Ата-бабаларыңардай болбогула, аларга мурунку пайгамбарлар мындай деп айтышкан: Себайот Теңир мындай дейт: «Кыянат жолдоруңардан, жаман иштериңерден кайткыла». Бирок алар тил албай, Мага кулак салбай коюшкан, – дейт Теңир.

5Ата-бабаларыңар азыр кайда? Пайгамбарларыңарчы? Алар түбөлүк жашамак беле?

6Бирок Өзүмдүн кулдарым пайгамбарларга осуят кылган сөздөрүм менен чечимдерим силердин ата-бабаларыңарга жеткен жок беле? Алар кайрылып: «Себайот Теңир жолдорубузга жана иштерибизге жараша бизге эмне кылууну чечсе, ошону кылды»”», – деп айтышкан.

7Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, он биринчи ай – Шебат айынын жыйырма төртүнчү күнү Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

8Мен түндө мындай көрүнүш көрдүм: капчыгайдагы мирта дарактарынын арасында жээрде ат минген бир киши туруптур, анын артында жээрде, тору жана боз аттар бар экен.

9Ошондо мен: «Булар кимдер, мырзам?» – деп сурадым. Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште мага: «Булардын кимдер экенин мен сага көрсөтөм», – деди.

10Анан мирта дарактарынын арасында турган киши: «Булар – жер үстүн кыдырып чыгууга Теңир тарабынан жиберилгендер», – деди.

11Ошондо алар мирта дарактарынын арасында турган Теңирдин периштесине: «Биз жер үстүн кыдырып чыктык, бардык жерге эл отурукташыптыр, бүт жер тынч экен», – дешти.

12Ошондо Теңирдин периштеси: «Себайот Теңир! Иерусалимге жана Жүйүт шаарларына качанкыга чейин ырайым кылбайсың? Сен аларга жетимиш жылдан бери каарыңды төгүп келе жатасың», – деди.

13Ошондо мени менен сүйлөшкөн периштеге жооп кылып, Теңир жакшы сөздөрдү, соорото турган сөздөрдү айтты.

14Анан мени менен сүйлөшкөн периште мага мындай деди: «Жар салып айт, Себайот Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалим менен Сионду чоң кызганыч менен кызганып жатам.

15Тынч жаткан элдерге катуу каарданып жатам, анткени Мен аларга аз каарданганда, алар мыйзамсыздыкты күчөтүп жиберишти”.

16Ошондуктан Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалимге ырайым кылуу үчүн кайтып келдим. Иерусалимге Менин үйүм курулат, – дейт Себайот Теңир, – жер ченегич аркан Иерусалимдин үстүнөн тартылат”.

17Дагы мындай деп жар сал: Себайот Теңир мындай дейт: “Менин шаарларым кайрадан байлыкка толот, Теңир Сионду кайрадан сооротот, Иерусалимди кайрадан тандап алат”».

18Мен башымды көтөрүп, төрт мүйүздү көрдүм.

19Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне?» – деп сурадым. Ал мага: «Булар – Жүйүттү, Ысрайылды жана Иерусалимди туш-тушка чачыратып жиберген мүйүздөр», – деп жооп берди.

20Андан кийин Теңир мага төрт темир устаны көрсөттү.

21Мен: «Булар эмне кылганы келе жатышат?» – деп сурадым. Ал мага: «Бул мүйүздөр Жүйүттү туш-тушка чачыратып жиберишти, алардын эч бири башын көтөрө албай калды. Бул төрт темир уста болсо аларды коркутуш үчүн, Жүйүттү туш-тушка чачыратып жибериш үчүн, Жүйүт жерине каршы өздөрүнүн мүйүзүн көтөргөн элдердин мүйүздөрүн сындырыш үчүн келди», – деп жооп берди.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>