1Лебанон, дарбазаларыңды ач, сенин кедр дарактарыңды от жалмасын.
2Боздоп ыйла, кипарис, анткени кедр кулады, анткени чоң дарактар да кыйратылды. Башандын эмен дарактары, өкүргүлө, анткени чытырман токой кыйылды.
3Койчулардын өкүрүп ыйлаганы угулуп жатат, анткени алардын жайыттары кыйратылды; жаш арстандардын ырылдаган айкырыгы угулуп жатат, анткени Иордандын даңкы талкаланды».
4Менин Кудай-Теңирим мындай дейт: «Мууздала турган койлорду кайтар,
5сатып алгандар аларды өлтүрүп жатышат, бирок өздөрүн айыптуубуз деп эсептешпейт, ал эми аларды саткандар: “Теңирге алкыш, мен байып калдым!” – деп жатышат. Аларды өздөрүнүн койчулары аяшпайт.
6Анткени Мен мындан ары бул жердин тургундарына ырайым кылбайм, – дейт Теңир, – мына, Мен ал адамдардын ар бирин өз жакынынын колуна, өз падышасынын колуна салып берем, алар жерди кыйратышат, Мен ал адамдардын эч кимисин алардын колунан куткарбайм.
7Мен мууздала турган койлорду, чыны менен эле байкуш койлорду кайтарам. Өзүмө эки таяк алам, биринчисин Ырайым, экинчисин Бирдик деп атайм, ошолор менен койлорду кайтарам.
8Бир айда үч койчуну жок кылам. Алардын жаны Менден кандай жийиркенсе, Менин жаным да алардан ошондой жийиркенет.
9Ошондо Мен мындай дейм: “Силерди кайтарбайм. Өлө турганы өлсүн, жоголо турганы жоголсун, ал эми калгандары биринин этин бири жесин”.
10“Ырайым” таягымды алам да, Өзүмдүн бардык элдер менен түзгөн келишимимди бузуш үчүн, аны сындырып салам.
11Келишим ошол күнү бузулат, ошондо Мени күтүп турган койлордун ичинен байкуштары бул Теңирдин сөзү экенин билишет.
12Анан аларга: “Эгерде кааласаңар, Мага Менин акымды бергиле. Каалабасаңар, бербей эле койгула”, – дейм. Ошондо алар Менин акыма отуз күмүш шекел тартып беришет».
13Анан Теңир мага мындай деди: «Аны Теңир үйүнүн казынасына ташта. Алар Мени кандай кымбат баалашты!» Мен отуз күмүш шекелди алып, Теңир үйүнө карапачы үчүн таштадым.
14«Жүйүт менен Ысрайылдын ортосундагы бир туугандыкты бузуш үчүн, Өзүмдүн экинчи таягымды – “Бирдик” таягын сындырдым».
15Анан Теңир мага мындай деди: «Акылсыз койчулардын ичинен бирөөнүн куралын ал.
16Анткени Мен бул жерге бир койчу коём, ал өлүп бара жаткан койлор үчүн кам көрбөйт, жоголгондорун издебейт, ооругандарын айыктырбайт, соолоруна тамак бербейт, бирок семиз койлордун этин жейт, алардын туяктарын талкалайт.
17Койлорду таштап койгон жаман койчуга кайгы! Анын колуна жана оң көзүнө каршы кылыч келсин! Анын колу шал болуп калсын, анын оң көзү таптакыр көрбөй калсын!»