Захария 12:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Ысрайыл тууралуу Теңирдин пайгамбарчылык сөзү. Асманды жайган, жерди негиздеген, адамдын ичиндеги рухту жараткан Теңир мындай дейт:

2«Мына, Мен Иерусалим курчоодо жатканда, тегеректеги бардык элдер үчүн, ошондой эле Жүйүт үчүн Иерусалимди баш айландыруучу ичимдик куюлган чөйчөк кылам.

3Ошол күнү мындай болот: бардык уруулар үчүн Иерусалимди оор таш кылам, аны көтөргөндөрдүн бардыгы өздөрүнө зыян келтирип алышат, бирок ага каршы жер жүзүнүн бардык элдери чогулушат.

4Ошол күнү, – дейт Теңир, – Мен бардык аттарды элиртем, алардын үстүндө отургандарды акылынан ажыратам, ал эми Жүйүткө назар салам, элдердин бардык аттарын сокур кылам.

5Жүйүт төрөлөрү өз жүрөгүндө мындай дешет: “Менин күчүм – өздөрүнүн Кудайы, Себайот Теңир менен күчтүү болгон Иерусалим тургундары”.

6Ошол күнү Мен Жүйүт төрөлөрүн отундардын ортосундагы алоолонуп күйгөн мештей кылам, боолордун арасында күйүп турган шаманадай кылам, алар тегеректеги бардык элдерди, оң тарапты да, сол тарапты да жок кылышат. Иерусалим эли кайрадан өз ордуна, Иерусалимге, отурукташат».

7Дөөттүн тукуму менен Иерусалим тургундары Жүйүттүн алдында өздөрүн жогору көтөрбөш үчүн, Теңир адегенде Жүйүттүн тукумун куткарат.

8Ошол күнү Теңир Иерусалим тургундарын коргойт, ошол күнү алардын эң алсызы Дөөттөй болот, ал эми Дөөт тукуму Кудайдай, өздөрүнүн алдындагы Теңирдин периштесиндей болот.

9Ошол күнү мындай болот: «Мен Иерусалимге кол салган бардык элдерди жок кылам.

10Ал эми Дөөттүн тукумуна жана Иерусалим тургундарына ырайым руху менен моюн сунуу рухун төгөм, алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт, Аны жалгыз уулун жоктоп ыйлагандай жоктоп ыйлашат, Ал үчүн тун баласына кайгыргандай кайгырышат.

11Ошол күнү Иерусалимде Мегидо өрөөнүндөгү Адатримон ыйындай болгон чоң ый болот.

12Өлкө боздоп ыйлайт, ар бир уруу өзүнчө боздоп ыйлайт: Дөөт тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Натан тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;

13Леби тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Шымон уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;

14калган уруулардын бардыгы, ар бир уруу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө боздоп ыйлашат.