Захария 13:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Ошол күнү Дөөт тукумуна жана Иерусалим тургундарына күнөө менен ыпыластыкты жууй турган булак ачылат.

2Ошол күнү мындай болот, – дейт Себайот Теңир, – Мен бул жерден жасалма кудайлардын ысымдарын жок кылам, алар мындан ары эскерилбейт, ошондой эле жалган пайгамбарлар менен таза эмес рухту бул жерден жок кылам.

3Ошондо ким пайгамбарчылык кыла турган болсо, анда ага өзүнүн атасы менен энеси: “Сен жашабашың керек, анткени сен Теңирдин ысымы менен жалган сүйлөп жатасың”, – деп айтышат. Ал пайгамбарчылык кылганда, аны өзүнүн атасы менен энеси өлтүрүп салат.

4Ошол күнү мындай болот: пайгамбарлар уят болушат, пайгамбарчылык кылып жатканда, ар бири өзү көргөн көрүнүшү үчүн уят болот, ошондон кийин алар алдаш үчүн кийген өздөрүнүн кыл чапанын кийбей калышат.

5Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени бала чагымда эле бир адам кул кылып алган”, – дейт.

6Андан: “Эки колуңдун ортосундагы эмнеден болгон жарааттар?” – деп сурашат. Ошондо Ал: “Мени сүйгөндөрдүн үйүндө Мени сабашты”, – деп жооп берет.

7Оо кылыч! Менин койчума каршы, Менин жакыныма каршы көтөрүл! – дейт Себайот Теңир, – койчуну өлтүр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт! Мен колумду кичинелерге каршы бурам.

8Бүт жер жүзүндө мындай болот: жер үстүндө жашагандардын үчтөн эки бөлүгү жок кылынат, ал эми үчтөн бир бөлүгү аман калат, – дейт Теңир.

9Бул үчтөн бир бөлүктү отко салып, күмүштү эриткендей эритем, алтынды тазалагандай тазалайм. Алар Менин ысымымды чакырышат, Мен аларга жооп берем, “Бул Менин элим!” – деп айтам. Алар болсо: “Теңир менин Кудайым!” – дешет.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>