1Мына, Теңирдин күнү келе жатат, сенден талап-тоноп алышкан олжону сенин ичиңде өз ара бөлүп алышат.
2Бардык элдерди Иерусалимге каршы согушка топтойм, шаар каратылып алынат, үйлөр таланып-тонолот, аялдардын абийири булганат, шаардын жарымы туткунга кетет, ал эми шаарда калган эл жок кылынбайт.
3Ошондо Теңир куралданып чыгып, согуш күнүндө кандай салгылашса, бул элдер менен ошондой салгылашат.
4Ошол күнү Теңирдин буттары Иерусалимдин чыгыш жагында жаткан Зайтун тоосунун үстүндө турат. Ошондо Зайтун тоосу чыгыштан батышты көздөй экиге бөлүнөт, өтө чоң өрөөн пайда болот, тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө кетет.
5Ошондо силер Менин тоолуу өрөөнүм менен качасыңар, анткени тоолуу өрөөн Атсалга чейин созулат. Жүйүт падышасы Узиянын убагында болгон жер титирөөдөн качкандай качасыңар. Менин Кудай-Теңирим келет, Аны менен кошо бардык ыйыктар келишет.
6Ошол күнү мындай болот: жарык болбойт, күн, ай, жылдыздар жок болот.
7Ошол күн Теңир гана билген күн болот: күн да, түн да болбойт, кечкурун гана жарык пайда болот.
8Ошол күнү мындай болот: Иерусалимден тирүү суулар агып чыгат, алардын жарымы чыгыш деңизине, жарымы батыш деңизине агат: жайында да, кышында да ушундай болот.
9Теңир бүт жер жүзүнө Падыша болот. Ошол күнү жалгыз Теңир болот, Анын ысымы да бирөө болот.
10Бул жер Гибондон Ремонго чейин, Иерусалимден түштүккө карай бүт бойдон түздүк болот. Иерусалим бийик жерде, өз ордунда турат жана ага Бенжемин дарбазасынан биринчи дарбазага чейин, бурчтагы дарбазага чейин, ошондой эле Кананел мунарасынан падышанын жүзүм сыккан барасына чейин эл отурукташат.
11Анын ичинде жашашат, ошондон кийин каргыш деген болбойт. Иерусалим коопсуз жашайт.
12Иерусалимге каршы согушкан бардык элдерди Теңир мындай кылып жазалайт: буту менен басып эле жүргөн адамдын денеси чирийт, көздөрү көзүнүн чанагында турганда эле агып калат, оозундагы тили кургап калат.
13Ошол күнү мындай болот: алардын арасына Теңир чоң дүрбөлөң түшүрөт, ошондо биринин колун бири кармайт, ар ким өз жакынына кол көтөрөт.
14Жүйүт өзү да Иерусалимде салгылашат, тегеректеги бардык элдердин байлыгы: алтын, күмүш жана сан жеткис кийим жыйналат.
15Аттар да, жылкылар да, качырлар да, төөлөр да, эшектер да, алардын кошуундарындагы бардык мал кырылат.
16Ошондон кийин Иерусалимге каршы салгылашыш үчүн келген бардык элдердин ичинен тирүү калгандары Себайот Теңир Падышага табыныш үчүн жана Алачык майрамын майрамдаш үчүн жыл сайын келип турушат.
17Ошондо мындай болот: эгерде жер үстүндөгү уруулардын кайсынысы Себайот Теңир Падышага табыныш үчүн келбесе, анда анын жерине жамгыр жаабайт.
18Эгерде Мисир уруусу жолго чыкпаса жана келбесе, анда ага да жамгыр жаабайт, Алачык майрамын майрамдоого келбеген урууларды Теңир кандай жазаласа, аларды да ошондой жазалайт.
19Алачык майрамын майрамдоого келбеген Мисирдин жана бардык элдердин жазасы ушундай болот!
20Ошол убакта, атүгүл, ат жабдыктарына да “Теңирге арналган ыйык нерсе” деген жазуулар жазылат, Теңир үйүндөгү казандар курмандык чалынуучу жайда колдонулуучу чаралардай болот.
21Иерусалим менен Жүйүттөгү бардык казандар Себайот Теңирге арналган ыйык нерсе болот, курмандык алып келгендер ал казандарды алып, курмандыктарын бышырышат. Ошол күнү Себайот Теңирдин үйүндө бир да канаандык болбойт».