Захария 2:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Анан мен башымды дагы көтөрүп, колунда жер ченегич арканы бар бир адамды көрдүм.

2Мен андан: «Кайда бара жатасың?» – деп сурадым. Ал мага: «Иерусалимди ченеш үчүн, анын туурасы менен узуну канча экенин билиш үчүн бара жатам», – деп жооп берди.

3Анан мени менен сүйлөшкөн периште кетти, кетип бара жатканда, анын алдынан дагы бир периште тосуп чыгып, мындай деди:

4«Тезинен барып, бул жаш уланга мындай де: “Ичинде адам менен мал көп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт”».

5«Мен ага, – дейт Теңир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде даңкталам.

6Эй, эй! Түндүк өлкөсүнөн качкыла, – дейт Теңир. – Анткени Мен силерди туш тарапка чачып жибердим, – дейт Теңир.

7Бабылдын кыздарыныкында жашап жаткан Сион, качып кутул».

8Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силер урматталышыңар үчүн, Ал Мени силерди талап-тоногон элдерге каршы жиберди. Анткени силерге ким тийсе, ал Анын көзүнүн карегине тийген болот.

9Мен колумду аларга каршы көтөрөм, алар өз кулдарынын олжосу болушат. Ошондо Мени Себайот Теңир жибергенин билесиңер.

10Кубан, шаттан, Сион кызы! Анткени Мен келип, сенин ичиңде жашайм, – дейт Теңир.

11Ошол күнү көп элдер Теңирге келип, Менин элим болушат. Мен сенин ичиңде жашайм, ошондо Мени сага Себайот Теңир жибергенин билесиң.

12Ошондо Теңир Жүйүттү, ыйык жердеги Өзүнүн энчисин, Өзүнө энчи кылып алат, Иерусалимди кайрадан тандап алат.

13Теңирдин жүзүнүн алдында эч бир адам унчукпасын! Анткени Ал Өзүнүн ыйык турагынан туруп келе жатат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>