1Ал мага Теңирдин периштесинин алдында турган улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуяны жана ага каршылык кылыш үчүн, анын оң кол тарабында турган шайтанды көрсөттү.
2Ошондо Теңирдин периштеси шайтанга мындай деди: «Сага Теңир тыюу салсын, шайтан! Сага Иерусалимди тандап алган Теңир тыюу салсын! Ал оттон чыгарып алынган чычала эмеспи?»
3Булганган кийим кийген Жешуя периштенин алдында турду.
4Ошондо периште өзүнүн алдында тургандарга: «Анын булганган кийимин чечкиле», – деди. Анын өзүнө болсо: «Кара, Мен сенден айыбыңды алып салдым, сага жакшы кийим кийгизип жатам», – деди.
5Анан мындай деди: «Анын башына таза кидар кийгизгиле!» Ошондо анын башына таза кидар, үстүнө кийим кийгизишти. Теңирдин периштеси болсо ошол жерде турду.
6Теңирдин периштеси Жешуяга мындай деп күбөлөндүрдү:
7Себайот Теңир мындай дейт: «Эгерде сен Менин жолдорум менен жүрсөң, Менин күзөтүмдө турсаң, анда Менин үйүмдү башкарасың, Менин короо-жайларымды көзөмөлдөйсүң, Мен сени ушул жерде тургандардын арасында жүрө тургандай кылам.
8Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя, сен да, сенин алдыңда отурган бир туугандарың, атактуу адамдар да, уккула: мына, Мен Өзүмдүн кулум Бутакты алып келе жатам.
9Анткени Жешуянын алдына Мен койгон таш мына. Ал таштын жети көзү бар, Мен анын үстүнө оюп жазам, – дейт Себайот Теңир, – ошентип, бул жердин күнөөсүн бир күндө өчүрөм.
10Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бири-бириңерди жүзүм багынын жана анжыр дарагынын түбүнө чакырасыңар».