1Мени менен сүйлөшкөн периште кайрылып келип, мени уктап жаткан адамды ойготкондой ойготту.
2Анан ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен мындай деп жооп бердим: «Чылк алтындан жасалган чырактанды, анын үстүндөгү зайтун майы куюла турган чөйчөкчөнү, анын үстүндөгү жети чыракты, анын үстүндөгү чырактардын ар биринин жетиден түтүгүн көрүп турам.
3Анын үстүндө эки зайтун дарагы бар экен, бири чөйчөктүн оң тарабында, экинчиси сол тарабында турат».
4Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне, мырзам?» – деп сурадым.
5Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште менден: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деп сурады. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – деп жооп бердим.
6Ошондо ал мага мындай деди: «Бул Теңирдин Зоробабылга айткан сөзү: “Аскер кошууну менен да эмес, күч менен да эмес, бир гана Менин Рухум менен”, – дейт Себайот Теңир.
7Сен кимсиң, улуу тоо? Зоробабылдын алдында сен бир түздүксүң. Ал негизги ташты “Кандай жыргал, кандай сонун!” деген кыйкырыктын астында алып чыгат».
8Ошондо мага Теңирден мындай сөз болду:
9«Бул үйдүн негизин Зоробабылдын колу койгон, анын колу бүтүрөт. Мени силерге Себайот Теңир жибергенин сен ошондо билесиң.
10Анткени ким бул күндү мааниси жок күн деп эсептей алат? Зоробабылдын колундагы курулуш салмоорду кубаныч менен карап турган жанагы жети көз – Теңирдин бүт жер жүзүн карап турган жети көзү».
11Ошондо мен андан: «Чырактандын оң тарабында да, сол тарабында да турган бул эки зайтун дарагы эмнени билдирет?» – деп сурадым.
12Мен ага экинчи жолу суроо бердим: «Эки алтын түтүк аркылуу өзүнөн алтын куюп турган эки зайтун бутагы эмнени билдирет?»
13Ошондо ал мага: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деди. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – дедим.
14Ошондо ал: «Бул экөө – зайтун майы менен майлангандар, бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында тургандар», – деп жооп берди.