1Кайрадан башымды көтөрүп, учуп келе жаткан түрмөк китепти көрдүм.
2Ошондо ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен ага: «Учуп келе жаткан түрмөк китепти көрүп турам, анын узундугу жыйырма чыканак, туурасы он чыканак экен», – дедим.
3Ал мага мындай деди: «Бул – бүт жер бетине түшкөн каргыш. Анткени анын бир жак бетинде жазылгандай, ким уурулук кылса, ал жок кылынат; анын экинчи бетинде жазылгандай, ким калп карганса, ал жок кылынат».
4«Мен аны каптаттым, – дейт Себайот Теңир, – ал уурунун үйүнө жана Менин ысымым менен калп каргангандын үйүнө кирип, анын үйүндө болуп, анын өзүн да, дарактарын да, таштарын да жок кылат».
5Анан мени менен сүйлөшкөн периште чыгып, мага мындай деди: «Башыңды дагы көтөрүп кара: Эмне чыгып келе жатат?»
6Мен: «Бул эмне?» – деп сураганда, ал: «Бул чыгып келе жаткан – эйфа, бул – алардын бүт жер жүзүндөгү бейнеси», – деп жооп берди.
7Ошондо бир тегерек коргошун өйдө көтөрүлдү. Ал жерде, эйфанын ичинде бир аял отуруптур.
8Анан ал: «Бул аял – мыйзамсыздыктын өзү», – деди да, аны эйфанын ичине түрттү, ал эми эйфанын оозуна тегерек коргошунду ыргытты.
9Анан мен башымды көтөрүп карасам, эки аял чыгып келе жатыптыр, алардын канаттарында шамал бар экен, алардын канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар эйфаны жер менен асмандын ортосунда көтөрүп жөнөштү.
10Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Алар бул эйфаны кайда көтөрүп бара жатышат?» – деп сурадым.
11Ошондо ал мага: «Аялга Шинар жеринде үй куруп бериш үчүн көтөрүп бара жатышат. Yй даяр болгондо, ал ошол жерге, өзүнүн ордуна коюлат», – деп жооп берди.