Захария 7:1-14 KYB2004 - Bible AI

1Дарийдин падышачылыгынын төртүнчү жылы, тогузунчу ай – Кислеп айынын төртүнчү күнү Захарияга Теңирден сөз болду.

2Ошондо Бейтел эли Саретсер менен Регем-Мелехти жана анын адамдарын Теңирдин алдында сыйынууга,

3Себайот Теңирдин үйүндөгү ыйык кызмат кылуучулардан жана пайгамбарлардан «Көп жылдан бери ыйлап орозо кармап келгенимдей эле, бешинчи айда ыйлап орозо кармасам болобу?» деп суратканы жиберди.

4Ошондо мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:

5«Бул жердин бүт элине жана ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп айт: “Жетимиш жылдан бери бешинчи жана жетинчи айда орозо кармап ыйлаганыңарда, Мен үчүн орозо кармадыңар беле? Мен үчүн беле?

6Жегениңерде жана ичкениңерде, өзүңөр үчүн жеген жок белеңер, өзүңөр үчүн ичкен жок белеңер?

7Иерусалимге эл отурукташып, шаар тынч жашап жатканда, анын айланасындагы шаарларга, түштүк өлкөсүнө жана ойдуң жерлерге элдер отурукташканда, мурунку пайгамбарлар аркылуу Теңир ушул эле сөздөрдү айткан жок беле?”»

8Ошондо Захарияга Теңирден мындай сөз болгон:

9Ошондо Себайот Теңир мындай деген: «Адилет сот жүргүзгүлө, ар бириңер өз бир тууганыңарга ырайым жана боорукердик көрсөткүлө.

10Жесир менен жетимге, келгин менен жакырга кысым көрсөтпөгүлө, жүрөгүңөрдө бири-бириңерге жамандык ойлобогула.

11Бирок алар уккулары келбей, Менден жүздөрүн буруп кетишти, укпаш үчүн, кулактарын жаап алышты.

12Себайот Теңир Өзүнүн Руху менен мурунку пайгамбарлар аркылуу жиберген мыйзамды жана сөздөрдү укпаш үчүн, жүрөктөрүн таш кылып алышты. Ошон үчүн алар Себайот Теңирдин катуу каарына калышты.

13Мен чакырганда, алар укпай коюшту, алар чакырганда, Мен да укпай койдум, – дейт Себайот Теңир.

14Мен аларды өздөрү билбеген элдердин арасына чачып жибердим, алардан кийин бул жер ээн калды, бул жерде эч ким жашабай калды, бул сонун өлкөнү алар чөлгө айландырышты».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>