Захария 8:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Себайот Теңирден мындай сөз болду:

2Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Сионду чоң кызганыч менен кызгандым. Мен аны катуу каар менен кызгандым».

3Теңир мындай дейт: «Мен Сионго кайрылып келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим чындык шаары деп аталат, Себайот Теңирдин тоосу ыйык тоо деп аталат».

4Себайот Теңир мындай дейт: «Иерусалимдин көчөлөрүндө кайрадан кары кишилер менен кары аялдар колдоруна таяк кармап отурушат, анткени алар узак өмүр сүрүшөт.

5Бул шаардын көчөлөрү ойноп жүргөн жаш балдар менен жаш кыздарга толот».

6Себайот Теңир мындай дейт: «Эгерде бул ошол күндөрү бул элдин көзүнө укмуш болуп көрүнсө эле, Менин көзүмө да укмуш болуп көрүнмөк беле? – дейт Себайот Теңир».

7Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Өз элимди чыгыш өлкөсүнөн жана батыш өлкөсүнөн куткарып алам.

8Аларды алып келем, алар Иерусалимде жашап калышат. Алар Менин элим болушат, акыйкаттык менен чындыктын негизинде Мен алардын Кудайы болом».

9Себайот Теңир мындай дейт: «Себайот Теңирдин үйүнүн пайдубалы орнотулган күнү пайгамбарлар аркылуу айтылган сөздөрдү азыр да угуп жаткандар, ийбадаткананы куруш үчүн, кайраттуу болгула.

10Анткени ошол күндөрдөн мурун адамдарга акы төлөө болгон эмес, жаныбарлардын эмгеги үчүн да акы төлөө болгон эмес. Кетип жаткандарга да, келип жаткандарга да душмандардан тынчтык болгон эмес. Адамдардын бири-бири менен касташуусуна Мен жол берчүмүн.

11Азыр болсо бул элдин калдыгы үчүн Мен мурдагы күндөрдөй эмесмин, – дейт Себайот Теңир.

12Анткени эгин тынчтыкта айдалат, жүзүм сабагы өз жемишин берет, жер өз түшүмүн берет, асман өз шүүдүрүмүн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин ээлигине берем.

13Жүйүт менен Ысрайыл, силер элдердин арасында каргыш болосуңар, бирок Мен силерди куткарам, силер бата болосуңар. Коркпогула, кайраттуу болгула!»

14Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силердин ата-бабаларыңар Мени каардантышканда, Мен силерди жазалоону чечкем, ошол чечимимди өзгөрткөн эмесмин, – дейт Себайот Теңир.

15Бирок Мен бул күндөрү Иерусалимге жана Жүйүткө кайрадан жакшы нерсе кылууну чечтим. Коркпогула!

16Силер кыла турган иштер булар: бири-бириңерге чындыкты айткыла, дарбазаңардын алдында акыйкаттык менен тынчтыкты сактап сот жүргүзгүлө.

17Силердин араңардан эч ким өз жүрөгүндө жакынына каршы кыянаттык ойлобосун, жалган антты сүйбөгүлө, анткени мунун баары – Мен жек көргөн нерселер, – дейт Теңир».

18Анан мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:

19Себайот Теңир мындай дейт: «Төртүнчү айдын орозосу, бешинчи айдын орозосу, жетинчи айдын орозосу жана онунчу айдын орозосу Жүйүт тукуму үчүн кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга айлансын. Чындык менен тынчтыкты сүйгүлө».

20Себайот Теңир мындай дейт: «Көптөгөн элдер жана көптөгөн шаарлардын тургундары келишет.

21Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Теңирдин алдына барып сыйыналы, Себайот Теңирди издейли”, – дешет; Ар бири: “Мен да барам”, – дейт.

22Иерусалимде Себайот Теңирди издеш үчүн, Теңирге сыйыныш үчүн, көптөгөн уруулар жана күчтүү элдер келишет».

23Себайот Теңир мындай дейт: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: “Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук”, – дешет».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>