1Теңирдин Хадрах жерине каршы айткан пайгамбарчылык сөзү Дамаскка келип токтойт. Анткени Теңирдин көзү Ысрайылдын бардык уруусун кандай карап турса, бардык элдерди ошондой карап турат.
2Ага чектеш Хаматты да, Тирди да, Сидонду да карап турат, анткени алар акылдуу.
3Тир өзүнө чеп курду, күмүштү топурактай, алтынды көчөдөгү баткактай жыйып алды.
4Бирок Теңир аны жакырдантат, анын күчүн деңиздин үстүндө талкалайт, өзүн от жалмайт.
5Муну көрүп, Ашкелондун үрөйү учат, Азаны да катуу калтырак басат. Экронду да, анткени анын үмүтү жокко чыгат: Азада падыша калбайт, Ашкелон элсиз калат.
6«Азотто бөтөн уруу жашап калат, пелиштиликтердин менменсингендигин жок кылам.
7Анын оозунан канды, тиштеринин арасынан өзүнүн жийиркеничтүү нерселерин сууруп алам, ошондо ал да биздин Кудайыбызга таандык болот, ал Жүйүттө миң башы катарында болот, Экрон Жебус сыяктуу болот.
8Мен Өз үйүмдүн жанына аскерге каршы, нары-бери өткөндөргө каршы кошуун коём, ошондон кийин кысым көрсөтүүчү ал жерден өтпөйт. Анткени Мен эми муну Өзүм карап турам.
9Кубанып, шаттыкка бөлөн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү, куткара турган, момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет.
10Ошондо Эпрайымдын майдан арабаларын, Иерусалимдеги аттарды жок кылам, согуш жаалары кыйрайт. Ал элдерге тынчтыкты кабарлайт, Ал деңизден деңизге чейин, дарыядан жер кыйырына чейин үстөмдүк кылат.
11Сен жөнүндө айтсам, Мен сенин туткундарыңды өзүңдүн келишимиңдин каны үчүн суусу жок ордон чыгарам.
12Yмүтү бар туткундар, өзүңөрдүн чебиңерге кайтып келгиле! Эки эселеп кайтарып береримди сага азыр айтып жатам.
13Анткени Мен Жүйүттү Өзүмө жаа кылам, Эпрайымды жебе кылам, Сион, сенин уулдарыңды Жабандын уулдарына каршы көтөрөм, сени алп жоокердин кылычы сыяктуу кылам».
14Теңир алардын үстүнө келет, Анын жебеси чагылгандай учуп чыгат, Кудай-Теңир сурнай тартып, түштүк бороону менен жүрөт.
15Аларды Себайот Теңир коргойт, алар өз душмандарын кырышат, салмоор таштарды тебелешет, канга тоюп, шарапка мас болгонсуп күүлдөшөт, алар курмандык чалынуучу идиштер сыяктуу, курмандык чалынуучу жайдын бурчтары сыяктуу канга толушат.
16Койчу койлорун кандай куткарып алса, ошол күнү алардын Кудай-Теңири Өз элин ошондой куткарып алат. Анткени алар Анын жеринде таажыдагы асыл таштардай болуп жаркырашат.
17Кандай жыргал, кандай сонун! Алардын уландары нан менен, кыздары шарап менен өсүшөт.