К Филемонго 1:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Ыйса Машайак үчүн туткунга алынган мен, Пабылдан, бир тууганыбыз Тиметейден сүйүктүү бир тууганыбыз жана кызматташыбыз Филемон, сага,

2сенин үйүндө чогулган Жыйынга, сүйүктүү бир тууганыбыз Апияга, биз менен бирге күрөшкөн Архипке салам!

3Атабыз Кудай жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

4Сенин Теңир Ыйсага болгон ишенимиң жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүң жөнүндө угуп,

5сыйынган сайын сени эстеп, Кудайыма дайыма ыраазычылык билдирип жатам.

6Машайак Ыйсадагы байлыгыбызды таанып билишиң үчүн, сенин ишеним жолундагы жашооң таасирлүү болсун деп сыйынам.

7Анткени сенин сүйүүң мени абдан кубантты жана сооротту. Себеби, бир тууганым, сен аркылуу ыйыктардын көңүлү көтөрүлдү.

8Ошондуктан сага эмне кылууну буйруганга Машайак жолунда зор кайраттуулугум бар болсо да,

9мен, Пабыл, карыя катары да, азыр Ыйса Машайак үчүн туткунга алынган адам катары да сенден сүйүү менен өтүнүүнү туура көрдүм.

10Мен түрмөдө отурганда, уулум болуп калган Онесим тууралуу сенден өтүнөмүн.

11Ал бир кезде сен үчүн «пайдасыз» болчу, бирок азыр сага да, мага да «пайдалуу».

12Мен аны кайра сага жөнөтүп жатам, аны менин жан боорум катары кабыл ал.

13Мен Жакшы Кабар үчүн түрмөдө отурганда, ал мага сенин ордуңа кызмат кылышы үчүн, аны жаныма алып калууну каалагам.

14Бирок сенин макулдугуңсуз эч нерсе кылгым келген жок. Анткени жакшы ишиңди аргасыздан эмес, өз ыктыярың менен кылышыңды кааладым.

15Онесимдин убактылуу кетип калышы, мүмкүн,

16мындан ары сен аны кул катары эмес, кулдан жогору сүйүктүү бир тууган катары түбөлүккө кабыл алышың үчүн болгондур. Ал мен үчүн кымбат, ал эми сен үчүн адам катары да, Теңир жолундагы бир тууган катары да андан бетер кымбат.

17Эгерде сен менин досум болсоң, анда аны мени кабыл алгандай кабыл ал.

18Эгерде ал сага зыян келтирген болсо же сага карыздар болсо, менин мойнумда болсун.

19Мен, Пабыл, муну өз колум менен жазып жатам: мен төлөп берем. Сен өзүң да мага карыз экениңди айткым келбейт.

20Ооба, бир тууганым, Теңир жолунда сенин пайдаңды көргүм келет, Машайак жолунда менин көңүлүмдү тынчтандыр.

21Сени тил алат деп ишенем, айтканымдан да көптү кыларыңды билем, ошондуктан жазып жатам.

22Ошондой эле мен үчүн орун даярдап кой, анткени силердин сыйынууңар боюнча Кудай мени силерге белек кылат деп үмүттөнөм.

23Машайак Ыйса үчүн мени менен бирге туткунга алынган Эпафрас, менин кызматташтарым Марк, Аристарх, Демас жана Лука сага салам айтып жатышат.

24Теңир Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, рухуңар менен болсун! Оомийин.

le>