1Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болгон мен – Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден
2Машайак Ыйсага ишенген Колосадагы ыйык жана ишенимдүү бир туугандарга салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!
3Силер үчүн дайыма сыйынып, Кудайга, Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасына, ыраазычылык билдирип жатабыз.
4Анткени силердин Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө укканбыз.
5Ишенимиңер менен сүйүүңөр асманда өзүңөр үчүн даярдалган нерсеге болгон үмүтүңөргө негизделген. Ал жөнүндө силер мурун эле чындык сөзүнөн – Жакшы Кабардан уккансыңар.
6Бүт дүйнөгө тараган ошол Жакшы Кабар силерге да жеткен. Силер Кудайдын ырайымын угуп, аны чыны менен таанып билген күндөн тартып, Жакшы Кабар силердин араңарда да жемиш берип, өсүп жатат.
7Силер сүйүктүү кызматташыбыз Эпафрастан үйрөнгөнсүңөр, ал – силер үчүн Машайактын ишенимдүү кызматчысы.
8Рухтун шыктандыруусу менен көрсөтүп жаткан сүйүүңөр жөнүндө да ал бизге айткан.
9Биз бул жөнүндө уккан күндөн тартып, силер үчүн үзгүлтүксүз сыйынып, Анын каалоосун акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен толук таанып билишсин деп,
10Ага бардык жагынан жагып, бардык иште жакшы жемиш берип, Кудайды таанып билүүсү өсүп,
11Анын даңкынын кубатынын бардык күчү менен бекемделип, бардык нерседе туруктуулукту жана чыдамдуулукту кубаныч менен көрсөтүп,
12бизди жарыктагы ыйыктардын мурасына үлүштөш болууга татыктуу кылган Кудай Атага ыраазычылык билдирип, Кудайга татыктуу жашашсын деп суранып жатабыз.
13Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди.
14Биз Анын сүйүктүү Уулу аркылуу, Уулунун каны аркылуу куткарылдык жана күнөөлөрүбүз кечирилди.
15Ал – көрүнбөс Кудайдын бейнеси, эч нерсе жаратыла электе эле Ал бар болгон.
16Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган.
17Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.
18Ал – Өзүнүн Денеси болуп эсептелген Жыйындын башчысы. Ал – бардыгынын башталышы, бардык нерседе биринчи болуш үчүн, Ал өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген.
19Анткени Кудай Анда бүт толуктуктун жашашын,
20Анын айкаш жыгачта төгүлгөн каны аркылуу тынчтык орнотуп, жердегинин, асмандагынын баарын Ал аркылуу Өзү менен элдештирүүнү туура көрдү.
21Жаман ойлоруңардын жана жаман иштериңердин айынан бир кезде Кудайга бөтөн жана душман болгон силерди да
22Кудай Анын денеси, өлүмү аркылуу Өзү менен элдештирди. Ал силерди Өзүнүн алдында ыйык, кемчиликсиз жана айыпсыз кылып тургузуу үчүн ушундай кылды.
23Эгерде силер ишенимге негизделип, бекем турсаңар жана өзүңөр уккан Жакшы Кабар берген үмүттөн тайбасаңар гана ушундай болот. Мен, Пабыл, асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланган ушул Жакшы Кабарды тараткан кызматчы болуп калдым.
24Анын Денеси болгон Жыйын үчүн Машайактын жетишпеген азап тартуусун өзүмдүн денемде силер үчүн азап чегүү менен толуктап жатканыма кубанам.
25Кудайдын берген тапшырмасы боюнча ошол Жыйындын кызматчысы болуп калдым. Кудайдын Сөзү аткарылышы үчүн, мага бул тапшырма силер үчүн ишеним менен тапшырылган.
26Кудайдын Сөзү, кылымдан кылымга, муундан муунга жашыруун болуп келген сыр, азыр Анын ыйыктарына ачылып берилди.
27Кудай бул жашыруун сырдын даңктуу байлыгы бутпарастар үчүн кандай экендигин ыйыктарга ачып берүүнү каалады. Сырдын мааниси даңктуу үмүт болгон Машайактын силердин ичиңерде жашагандыгында.
28Ар бир адамга акыл айтып, ар бир адамды акылмандык менен үйрөтүп, ар бир адамды Машайак аркылуу Кудай алдына жеткилең кылып алып келүү үчүн, Машайак жөнүндө жар салып жатабыз.
29Ошондуктан Анын мендеги кудуреттүү күчү менен жан үрөп эмгектенип да, күрөшүп да жатам.