1Силер үчүн, лаодикеялыктар үчүн жана мени көрбөгөндөрдүн бардыгы үчүн кандай күрөшүп жатканымды билишиңерди каалайм:
2бул алардын жүрөгүн тынчтандырып, сүйүү менен бириктирсин. Кудай Атанын жана Машайактын сырын билүү үчүн, жеткилең түшүнүктүн бардык байлыгына ээ болушуңарды каалайм.
3Машайакта акылмандыктын жана билимдин бүт кенчи жашырылган.
4Мен муну силерге эч ким силерди бал тилге салып, алдап кетпеши үчүн айтып жатам.
5Анткени өзүм араңарда болбосом да, рухум менен силердин араңардамын. Силердин Машайакка болгон ишенимиңердин бекемдигин жана тартибиңерди көрүп кубанып жатам.
6Теңирибиз Машайак Ыйсаны кандай кабыл алсаңар, Анын ичинде ошондой жашай бергиле.
7Өзүңөргө үйрөтүлгөндөй, Анын ичинде тамырлагыла, бекемделгиле, ишенимиңер бекемделсин, ыраазычылыгыңар артсын.
8Сак болгула, бир туугандар: эч ким силерди адамдык окутууга жана дүйнөнүн түшүнүктөрүнө негизделген философия менен, жалган түшүнүктөр менен адаштырбасын, анткени булар Машайактын окутуусу эмес.
9Анткени Машайакта Кудайдын табияты толугу менен жашайт,
10Анын ичинде силер да толуктукка ээсиңер. Ал – бардык башчылыктын жана бийликтин башчысы.
11Силер Машайактын ичинде сүннөткө отургузулгансыңар. Бул – адамдын колу менен кылынбаган, күнөөкөр табиятты чечип таштаган Машайактын сүннөтү.
12Силер сууга чөмүлдүрүлгөндө, Аны менен бирге көргө коюлгансыңар, Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын күчүнө ишенүү аркылуу Аны менен бирге тирилдиңер.
13Кылмыштарыңардын жана денеңердин сүннөткө отургузулбагандыгынын айынан өлүк болгон силерди да Кудай Аны менен бирге тирилтти, биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирди.
14Ал бизди айыптаган көрсөтмөлөрдөн турган кол жазманы, бизге каршы жазылган кол жазманы, өчүрүп салды. Ал аны алардын арасынан алып, айкаш жыгачка кадоо менен четтетти.
15Ал башчыларды жана бийликтегилерди куралсыздандырып, аларды ачык түрдө уятка калтырды, аларды айкаш жыгачта жеңип чыкты.
16Ошондуктан эч ким силерди тамак үчүн, же суусундук үчүн, же кандайдыр бир майрам үчүн, же жаңырган ай үчүн, же ишемби күн үчүн айыптабасын.
17Анткени булар – келечектегинин көлөкөсү, дене болсо Машайактыкы.
18Эч ким силерди жалган момундугу жана периштелерге табынуусу менен азгырбасын. Мындай адамдар өздөрү көрбөгөн нерселерге кызыгышат, Баш менен бирикпей, өздөрүнүн адамдык акылы менен курулай эле текеберденишет.
19Бүт дене болсо муундар жана булчуңдар аркылуу Баш менен биригет да, бекемделип, Кудай берген өсүш менен өсөт.
20Эгерде силер дүйнөнүн табигый негиздери үчүн Машайак менен бирге өлсөңөр, анда эмне үчүн бул дүйнөдө жашоочулар сыяктуу:
21«Муну кармаба», «Аны жебе», «Буга тийбе» деген сыяктуу эрежелерди сактап жатасыңар?
22Мунун бардыгы пайдаланылып жок боло турган нерселерге тиешелүү. Бул эрежелердин бардыгы – адамдардын буйруктары жана окутуусу.
23Өз алдынча динчилдик, момундук жана денени кыйноо акылмандык болуп көрүнгөнү менен, күнөөкөр табиятты гана канааттандырат.