Колосалыктарга 3:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Эгерде силер Машайак менен кошо тирилсеңер, анда асмандагыга умтулгула, анткени Машайак Кудайдын оң жагында, асманда отурат.

2Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула.

3Анткени силер өлдүңөр, силердин өмүрүңөр Машайак менен бирге Кудайда жашырылган.

4Силердин өмүрүңөр болгон Машайак келгенде, силер Аны менен бирге даңк менен көрүнөсүңөр.

5Ошондуктан дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла.

6Ушундай иштерди кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.

7Силер да бир кезде ошол кумарларыңар боюнча жашачусуңар.

8Азыр болсо силер мунун баарын: ачууну, каарды, жамандыкты, заар тилди, адепсиз сөздөрдү таштагыла.

9Бири-бириңерге жалган айтпагыла, анткени эски табиятыңарды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы табиятты кийгенсиңер.

10Кудайды таанып билүү аркылуу Жаратуучунун бейнесине окшошуу үчүн жаңыланып турган жаңы табиятты кийгенсиңер.

11Жаңы табиятта эллин да, жүйүт да, сүннөттүү да, сүннөтсүз да, варвар да, скиф да, кул да, эркин адам да жок, бардыгы жана бардыгында – Машайак.

12Ошондуктан Кудайдын тандалгандары, ыйыктары жана сүйүктүүлөрү катары боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле.

13Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле.

14Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал – жеткилеңдиктин куру.

15Жүрөгүңөрдө Машайактын тынчтыгы бийлик кылсын, силер бир Дененин мүчөлөрү катары ушул тынчтыкка чакырылгансыңар. Ыраазычылык билдирүүчүлөрдөн болгула.

16Машайактын сөзү молдугу менен ичиңерде жашасын. Бири-бириңерди акылмандуулук менен үйрөткүлө, бири-бириңерге забурлар, даңктоо ырлары жана рухий ырлар менен насаат айткыла, Кудайга чын жүрөгүңөрдөн ыраазычылык билдирүү менен ырдагыла.

17Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына, Ал аркылуу Кудай Атага ыраазычылык билдирүү менен кылгыла.

18Аялдар, Теңирге тиешелүү болгондорго ылайык келгендей, күйөөңөргө баш ийгиле.

19Күйөөлөр, аялыңарды сүйгүлө, аларга катаал болбогула.

20Балдар, бардык нерседе ата-энеңерге баш ийгиле, анткени бул Теңирге жагат.

21Аталар, балдарыңарды кыжырлантпагыла, алардын көңүлү чөкпөгүдөй болсун.

22Кулдар, кожоюнуңарга бардык нерседе баш ийгиле, адамга жагынуучулар сыяктуу алардын көзүнө көрүнүш үчүн эмес, чын жүрөктөн, Кудайдан коркуу менен баш ийгиле.

23Эмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла.

24Анткени сыйлыкка Теңирден мурас аларыңарды билесиңер, силер Теңир Машайакка кызмат кылып жатасыңар.

25Ким адилетсиздик кылып жатса, адилетсиздигине жараша тиешесин алат, себеби Теңирде бет карамалык жок.

ticle>