1Кожоюндар, асманда Теңириңер бар экенин билип, кулдарыңарга адилеттүү, туура мамиле кылгыла.
2Туруктуулук менен сыйынгыла, сергектик менен, ыраазычылык билдирүү менен сыйынгыла.
3Биз үчүн да сыйынып тургула: Кудай бизге Өзүнүн сөзүн таратышыбыз үчүн, Машайактын жашыруун сырын жар салышыбыз үчүн, эшик ачсын. Мен ошол жашыруун сыр үчүн камакта отурам.
4Бул жашыруун сырды кандай жар салышым керек болсо, ошондой ачып беришим үчүн сыйынып тургула.
5Убакыттан пайдаланып, сырттагыларга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылгыла.
6Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле.
7Сүйүктүү бир тууганыбыз, ишенимдүү кызматчы жана Теңир жолунда эмгектешим Тихик мен тууралуу силерге баарын айтып берет.
8Силердин абалыңарды билиши үчүн, силерди сооротушу үчүн, мен аны силерге
9араңардан келген ишенимдүү жана сүйүктүү бир тууганыбыз Онесим менен бирге жөнөттүм. Алар бул жерде болуп жаткан иштердин баарын силерге айтып беришет.
10Мени менен бирге камакта отурган Аристарх жана Барнабанын жээни Марк (Марк жөнүндө силер «Эгерде ал силерге келсе, кабыл алгыла» деген буйрук алгансыңар),
11ошондой эле Жуст деген да ысымы бар Ыйса силерге салам айтып жатышат. Алар – сүннөткө отургузулгандардан. Кудайдын Падышачылыгы үчүн кызмат кылган алар менин сооронучум болуп калышты.
12Ыйса Машайактын кулу, силердин араңардан келген Эпафрас, силерге салам айтып жатат. Силер жеткилең болушуңар үчүн, Кудайдын эркин таанып билишиңер үчүн, ал дайыма сыйынат.
13Ал силер үчүн жана лаодикеядагылар менен жераполдогулар үчүн өзгөчө кам көрүп жатат деп күбөлөндүрөм.
14Сүйүктүү дарыгер Лука менен Демас силерге салам айтып жатышат.
15Лаодикеядагы бир туугандарга жана Нимпанга, анын үйүндө чогулган Жыйынга салам айтып койгула.
16Бул катты окуп чыкканыңардан кийин, Лаодикеядагы Жыйын да окугудай кылгыла. Лаодикеядан келген катты силер да окугула.
17Архипке айтып койгула: Теңирден алган тапшырмасын аягына чыгарсын.
18Мен, Пабыл, бул саламды өз колум менен жазып жатам. Менин туткунда жүргөнүмдү унутпагыла. Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.