1Теңир Мусаны чакырып, жыйын чатырынын ичинен ага мындай деп айтты:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Силердин араңардан кимдир бирөө Теңирге арнап малдан курмандык чалгысы келсе, анда бодо малдан же майда малдан чалсын.
3Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан чала турган болсо, кемчилиги жок эркек мал чалсын. Теңирден ырайым табыш үчүн, ал аны жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келсин.
4Анан колун бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын башына койсун, ошондо ал ырайым таап, күнөөлөрүнөн тазаланат.
5Анан букачарды Теңирдин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын алып келип, жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
6Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын терисин сыйрып алып, этин жиликтеп бөлсүн.
7Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, курмандык чалынуучу жайга от алып келип, үстүнө отун салышсын.
8Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, курмандыктын жиликтенген этин, башын, майын курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен коюшсун.
9Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу анын бардыгын курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
10Эгерде анын курмандыгы майда мал: кой же эчки болсо, анда кемчилиги жок эркек мал болсун.
11Аны Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайдын түндүк тарабына сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.
12Анан аны жиликтеп бөлүп, башын кесип, майын ажыратышсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен койсун.
13Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу баарын алып келип, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.
14Эгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка Теңирге арнап канаттуулардан алып келгиси келсе, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин.
15Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайга алып келип, башын бурап, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, канын болсо курмандык чалынуучу жайдын капталына сыксын.
16Анын жемсөөсү менен жүнүн курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабындагы күл жаткан жерге таштасын.
17Анын канаттарын сындырып койсун, бирок жулуп албасын. Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.