Лебилер 10:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Арундун уулдары Надап менен Абыйут жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин алып, аларга от салып, түтөтүлүүчү зат салып, Теңирдин алдына Ал буйрубаган башка от алып келишти.

2Ошондо Теңирден от түшүп, аларды өрттөп жиберди. Алар Теңирдин алдында өлүштү.

3Муса Арунга: «Теңир: “Мен Өзүмө жакындагандардын арасында Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, бардык элдин алдында даңкталам”, – деп айткан», – деди. Арун унчуккан жок.

4Анан Муса Арундун агасы Узиелдин уулдары Мишаел менен Элсапанды чакырып, аларга: «Барып, бир туугандарыңарды ыйык жайдан стандын сыртына алып чыккыла», – деди.

5Алар барып, узун көйнөк кийген Надап менен Абыйутту, Муса буйругандай, стандын сыртына алып чыгышты.

6Муса Арунга жана анын уулдары Элазар менен Итамарга мындай деди: «Өлүп калбайын десеңер, Теңирдин каары жамаатка төгүлбөсүн десеңер, баш кийимиңерди чечпегиле, кийимиңерди айрыбагыла, бирок бир туугандарыңар, бүткүл Ысрайыл эли, Теңир өрттөп жибергендерди жоктоп ыйласа болот.

7Өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырынын эшигинин алдынан кетпегиле, анткени силер Теңирдин майлоочу майы менен майлангансыңар». Алар Мусанын айтканын кылышты.

8Теңир Арунга дагы мындай деп айтты:

9«Өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырына киргенде, өзүң да, уулдарың да шарап менен күчтүү ичимдикти ичпегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

10Силер ыйыкты ыйык эместен, тазаны таза эместен айырмалай билишиңер керек.

11Теңир Муса аркылуу айткан мыйзамдардын баарын Ысрайыл уулдарына үйрөтүшүңөр керек».

12Анан Муса Арунга жана анын тирүү калган уулдары Элазар менен Итамарга мындай деди: «Теңирге алып келинген нан курмандыктардын калганын алып, ачыткысыз нанды курмандык чалынуучу жайдын жанында жегиле, анткени бул – эң ыйык курмандык.

13Аларды ыйык жайда жегиле, анткени ал – Теңирге арналган курмандыктардын ичинен сага жана уулдарыңа тийген үлүш. Теңир мага ушундай буйруган.

14Силкилдетилген төш менен өйдө көтөрүлгөн санды таза жерде уулдарың, кыздарың болуп чогуу жегиле, анткени бул – Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен сага жана уулдарыңа тийген үлүш.

15Өйдө көтөрүлө турган сан менен силкилдетиле турган төштү курмандыктардын майы менен кошо Теңирдин алдында силкилдеткиле. Теңир буйругандай, бул сенин жана сенин уулдарыңдын түбөлүк үлүшү болсун».

16Анан Муса күнөө үчүн чалынуучу текени издесе, ал өрттөлүп кетиптир. Ошондо ал Арундун тирүү калган уулдары Элазар менен Итамарга ачууланып, мындай деди:

17«Эмне үчүн силер күнөө үчүн чалынган курмандыкты ыйык жерде жеген жоксуңар? Ал эң ыйык курмандык болчу, Теңир аны силерге жамаатты күнөөдөн арылтуу үчүн жана аларды Теңирдин алдында тазалоо үчүн берген.

18Курмандыктын каны да ыйык жайга киргизилбептир. Силер курмандыкты мен буйругандай, ыйык жайда жешиңер керек эле».

19Арун Мусага: «Алар бүгүн күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты Теңирдин алдына алып келишти, менин башыма болсо ушундай кайгы түштү. Анан күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты бүгүн жегеним Теңирге жакмак беле?» – деп жооп берди.

20Ошондо Муса анын айткандарына макул болду.