1Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: “Жер үстүндөгү жаныбарлардын ичинен силер мына бул жаныбарларды жесеңер болот:
3ача туяктуу, ачасы терең, кепшеген жаныбарды жесеңер болот.
4Бирок ача туяктуу, кепшеген жаныбарлардын ичинен мына бул жаныбарларды жебегиле: төө, анткени ал кепшейт, бирок ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.
5Кош аяк, анткени ал кепшегени менен, ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.
6Коён, анткени ал кепшейт, бирок ача туяктуу эмес. Ал силер үчүн арам.
7Чочко, анткени ал ача туяктуу, туягынын ачасы терең, бирок кепшебейт. Ал силер үчүн арам.
8Алардын этин жебегиле, алардын өлүгүнө тийбегиле. Алар силер үчүн арам.
9Суудагы жаныбарлардын ичинен мына бул жаныбарларды жесеңер болот: деңиздерде жана дарыяларда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты бар, кабырчыгы бар жаныбарларды жесеңер болот.
10Ал эми деңиздерде жана дарыяларда жашаган жаныбарлардын ичинен, сууда сүзгөн жана сууда жашаган сойлоочу жаныбарлардын ичинен, жерде-сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты, кабырчыгы жоктору силер үчүн арам.
11Алар силер үчүн арам болуп эсептелсин. Алардын этин жебегиле, алардын өлүгүнөн жийиркенгиле.
12Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты, кабырчыгы жокторунун баары силер үчүн арам.
13Канаттуулардын ичинен мына бул канаттууларды жебегиле: бүркүт, жору, суу бүркүт,
14кулаалы, шумкар жана анын түрлөрү,
15карга жана анын түрлөрү,
16төө куш, жапалак үкү, чардак, туйгун жана анын түрлөрү,
17үкү, балыкчы куш жана ибис,
18ак куу, биргазан жана ак кажыр,
19ак кытан, илегилек жана анын түрлөрү, сасык үпүп жана жарганат.
20Учуучу, төрт аяктуу курт-кумурскалар силер үчүн арам.
21Учуучу, төрт аяктуу курт-кумурскалардын ичинен жерде секирип жүрө турган узун шыйрактууларды гана жесеңер болот.
22Алардын ичинен: келгин чегирткесинин, талаа чегирткесинин, дарак чегирткесинин жана кармооч чегирткесинин бардык түрлөрүн жесеңер болот.
23Булардан башка төрт аяктуу, учуучу курт-кумурскалар силер үчүн арам.
24Алар аркылуу силер таза эмес болуп каласыңар, ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.
25Ким алардын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.
26Ача туяктуу, бирок ачасы терең болбогон жана кепшебеген мал силер үчүн арам. Ким ага тийсе, ал таза эмес болот.
27Төрт аяктуу айбанаттардын ичинен таманы менен баскандары силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.
28Ким алардын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Алар силер үчүн арам.
29Жерде жашаган майда жаныбарлардын ичинен силер үчүн арам болуп эсептелгендери мына булар: момолой чычкан, чычкан, кескелдирик жана анын түрлөрү,
30кирпи, чүткөр, таш бака, үлүл жана хамелеон.
31Жерде жашаган майда жаныбарлардын ичинен мына ушулар силер үчүн арам. Ким алардын өлүгүнө тийип алса, ал кечке чейин таза эмес болот.
32Алардын кайсы биринин өлүгү бир нерсеге: жыгач идишке болобу, кийимге болобу, териге, же капка, же ишке колдонулуучу ар кандай буюмга болобу, түшүп кетсе, ал таза эмес болуп калат. Аларды сууга салып коюш керек, кечке чейин таза эмес болот, андан кийин таза болот.
33Эгерде алардын кайсы биринин өлүгү чопо идишке түшүп кетсе, анда ал идиштин ичиндеги нерсе таза эмес болуп калат, идиштин өзүн талкалап салгыла.
34Андай идиштеги суу силер жей турган тамакка кошулуп кетсе, ал тамак таза эмес болуп калат, ал идишке куюлган суусундуктун баары таза эмес болуп калат.
35Алардын өлүгүнөн бир нерсенин үстүнө түшүп калса, алардын баары таза эмес болуп калат. Меш болобу, очок болобу, аларды бузуп салыш керек, алар таза эмес. Алар силер үчүн да таза эмес болуп эсептелсин.
36Бирок суусу бар булак менен кудук гана таза бойдон калат. Ал эми ким алардын өлүгүнө тийсе, ал таза эмес болот.
37Эгерде алардын өлүгүнөн бир нерсе себиле турган үрөнгө түшүп калса, ал таза бойдон калат.
38Эгерде себиле турган үрөнгө суу куюлуп калгандан кийин, алардын өлүгүнөн бир нерсе түшүп калса, анда ал силер үчүн таза эмес болуп калат.
39Эгерде силер жей турган кайсы бир мал өлүп калып, ким анын өлүгүнө тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.
40Ким анын өлүгүн жесе, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот. Ким анын өлүгүн көтөрсө, кийимдерин жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.
41Сойлоочу жаныбарлардын баары силер үчүн арам, аларды жебегиле.
42Жер бетинде сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын ичинен боору менен жылуучу, төрт аяктуу, көп аяктуу жаныбарларды жебегиле, анткени алар арам.
43Өзүңөрдү жер бетинде сойлоп жүрүүчү эч бир арам жаныбар менен булгабагыла. Алар аркылуу таза эмес болуп калбашыңар үчүн, өзүңөрдү алар менен булгабагыла.
44Анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин, ыйыкталып, ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын. Өзүңөрдү кандайдыр бир сойлоочу жаныбар менен булгабагыла.
45Анткени силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Теңириңер Менмин. Ошондуктан ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын.
46Малдар, жаныбарлар, канаттуулар, сууда жашоочулар, жерде сойлоочулар жөнүндөгү мыйзам ушул.
47Тазаны таза эместен, жегенге болгон жаныбарларды жегенге болбогон жаныбарлардан ажыратыш үчүн берилген мыйзам ушул”».