1Теңир Мусага мындай деп айтты:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Эгерде аялдын боюна бүтүп, эркек бала төрөсө, анда ал жети күн таза эмес болот. Ал айызы келип жаткан убагындагыдай эле таза эмес болуп эсептелет.
3Сегизинчи күнү бала сүннөткө отургузулсун.
4Ал аял канынан тазаланыш үчүн, отуз үч күн үйүндө отурсун. Эч бир ыйык нерсеге колун тийгизбесин, тазалануу күндөрү бүтмөйүнчө, аял ыйык жайга келбесин.
5Эгерде аял кыз төрөсө, анда ал эки жума таза эмес болот, канынан тазаланып бүтмөйүнчө, алтымыш алты күн үйүндө отурсун.
6Эркек же кыз төрөгөн аял тазаланып бүткөндөн кийин, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жылдык козуну, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка жаш көгүчкөндү же бир бактекти жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.
7Ыйык кызмат кылуучу аны Теңирдин алдына алып келип, аялды күнөөдөн тазалайт, ошондо аял аккан канынан тазаланат. Эркек же кыз төрөгөн аял жөнүндөгү мыйзам ушул.
8Эгерде аялдын козуга алы келбесе, анда эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин. Бирин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, экинчисин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка алып келсин. Анан ыйык кызмат кылуучу аялды күнөөдөн тазалайт, ошондо аял таза болот”».