1Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:
2«Эгерде кимдир бирөөнүн денесине шишик, же темирөткү, же так пайда болуп, ал пес оорусунун жарасына окшошо баштаса, анда аны ыйык кызмат кылуучу Арунга же анын ыйык кызмат кылуучу уулдарынын бирине алып келишсин.
3Ыйык кызмат кылуучу анын денесиндеги жараны карап көрөт. Эгерде жаранын түгү агарып кетсе, жара денеге тереңдеп баратса, анда ал – пес оорусунун жарасы. Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрүп, таза эмес деп жарыялайт.
4Ал эми анын денесине ак так түшүп, бирок тагы денеге тереңдеп кетпеген болсо, тактын түгү агарып кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу тагы бар адамды жети күн обочо камайт.
5Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде жара эч өзгөрүлбөсө, денеге тарап кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны дагы жети күн обочо камайт.
6Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны дагы карап көрөт. Эгерде жара анча билинбесе, денеге жайылып кетпеген болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт. Бул – темирөткү, ал өз кийимин жууп алсын, ошондо таза болуп калат.
7Эгерде ал ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, таза деп эсептелсе, бирок темирөткү денеге жайыла баштаса, анда ал экинчи жолу ыйык кызмат кылуучуга келсин.
8Ыйык кызмат кылуучу темирөткүнүн денеге жайылып баратканын көрүп, аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – пес оорусу.
9Кимде пес оорусунун жарасы болсо, ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.
10Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде денедеги шишик ак болсо, түгү агарып кетсе, шишик кызыл эт болуп турса,
11анда бул анын денесиндеги эски пес оору экенин билдирет. Ошондо ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялап, каматып коёт, анткени ал таза эмес.
12Эгерде пес оору бүт денеге жайылып, оорулууну башынан бутуна чейин каптап кетсе, ыйык кызмат кылуучу караган жердин баары агарып турса,
13ыйык кызмат кылуучу пес оорусу анын бүт денесин каптап калганын көрсө, анда ал оорулууну таза деп жарыялайт, анткени баары агарып кеткен, ал таза.
14Ал эми анын денеси кызыл эт болуп турса, анда ал таза эмес.
15Ыйык кызмат кылуучу кызыл этти көрүп, аны таза эмес деп жарыялайт. Кызыл эт таза эмес болуп эсептелет. Бул – пес оорусу.
16Эгерде кызыл эт өзгөрүп, агарып кетсе, анда ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.
17Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде жара агарып кетсе, ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт, ал таза.
18Кимдин денесине жара чыгып, анан айыгып калса,
19анан жаранын ордуна ак шишик, же ак, же кызыл так пайда болсо, анда ал ыйык кызмат кылуучуга келсин.
20Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде так денеге тереңдеп кетсе, тактын түгү агарып кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – жарадан ырбап кеткен пес оорусунун жарасы.
21Эгерде ыйык кызмат кылуучу тактын түгү ак эмес экенин жана жара тереңдеп кетпегенин көрсө, жара анча билинбесе, анда ал аны жети күн камап коёт.
22Эгерде жара бүт денеге жайылып кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – жара.
23Эгерде жара жайылбай, өз ордунда турса, анда ал – ириңдеп кеткен жара, ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт.
24Эгерде бирөө денесин күйгүзүп алса, күйүктөн айыккан жеринде кызыл же ак так пайда болсо,
25ыйык кызмат кылуучу тактын түгү агарып калганын, тактын тереңдеп кеткенин көрсө, анда ал – пес оорусу, ал күйүктөн ырбап кеткен. Ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт, бул – пес оорусунун жарасы.
26Эгерде ыйык кызмат кылуучу тактын түгү ак эмес экенин, так денеге тереңдеп кетпегенин көрсө, анча билинбесе, анда ыйык кызмат кылуучу аны жети күн камап коёт.
27Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде ал денеге аябай жайылып кеткен болсо, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыялайт. Бул – пес оорусунун жарасы.
28Эгерде так денеге жайылбай, өз ордунда турса жана анча билинбесе, анда ал – күйүктөн болгон шишик. Ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт, анткени бул – күйүктөн болгон жара.
29Эгерде эркектин же аялдын башына же ээгине жара чыкса,
30ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрөт. Эгерде жара денеге тереңдеп кетсе, жаранын түгү саргарып, ичкерип кетсе, анда ыйык кызмат кылуучу аларды таза эмес деп жарыялайт. Бул – таз, бул – башка же ээкке чыккан пес оорусу.
31Ыйык кызмат кылуучу таздын жарасын карап көрөт. Эгерде жара денеге тереңдеп кетпесе, анын кара түгү калбай калса, анда ыйык кызмат кылуучу таз болгон адамды жети күн камап коёт.
32Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрөт. Эгерде таз жайылып кетпесе, түгү саргарып кетпесе, таз денеге тереңдеп кетпесе,
33анда оорулуунун түгүн кырыш керек, бирок таз болгон жеринин түгүнө тийбеш керек, ыйык кызмат кылуучу таз болгон адамды кайрадан жети күн камап коюшу керек.
34Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу таз болгон жерди карайт, тазы жайылып кетпесе жана денесине тереңдеп кетпесе, анда ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт. Ал кийимдерин жуусун, ошондо таза болот.
35Эгерде тазалангандан кийин тазы денесине тарай баштаса,
36ыйык кызмат кылуучу таздын денеге тарап бара жатканын көрсө, анда ыйык кызмат кылуучу саргарган түктү издебесин, ал таза эмес.
37Эгерде таз өзгөрүлбөй кала берсе, анын үстүнөн кара түктөр көрүнсө, анда тазы айыккан, ал таза. Ыйык кызмат кылуучу аны таза деп жарыялайт.
38Эгерде эркектин же аялдын денесинде ак тактар пайда болсо,
39ыйык кызмат кылуучу алардын денесиндеги тактардын ак экенин көрсө, анда ал – теридеги эле темирөткү, ал таза.
40Эгерде кимдир бирөөнүн чачтары түшүп калса, анда ал такыр баш, ал таза.
41Эгерде маңдайындагы чачтары түшүп калса, анда ал кашка баш, ал таза.
42Эгерде адамдын башынын такыр же кашка жеринде агарган же кызарган тактар пайда болсо, анда анын башынын ошол жерлеринде пес оорусунун жарасы бар.
43Ыйык кызмат кылуучу аны карап көрөт. Эгерде анын такыр башындагы же кашка башындагы тактар агарып же кызарып турганын көрсө, ал теринин пес оорусуна окшош болсо,
44анда ал пес оорулуу, ал таза эмес. Ыйык кызмат кылуучу аны таза эмес деп жарыяласын, анткени анын башында жара бар.
45Мындай жарасы бар пес оорулуу кийимдерин айрып, башына эч нерсе жаппай, оозун калкалап: “Таза эмесмин! Таза эмесмин!” – деп кыйкырсын.
46Жара чыгып ооруп жаткан күндөрүндө ал таза эмес болуп эсептелсин, ал таза эмес, ал стандын сыртында өзүнчө жашасын.
47Эгерде пес оорусунун жарасы кийимде, жүндөн же зыгыр буласынан токулган кийимде,
48же болбосо зыгыр буласынан же жүндөн токулган кездеменин эришинде же аркагында, же булгаарыда, же булгаарыдан жасалган кандайдыр бир буюмда пайда болсо,
49кийимдеги же булгаарыдагы, кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган нерселердеги тактар жашыл же кызгылтым болсо, анда ал – пес оорусунун жарасы. Ал ыйык кызмат кылуучуга көрсөтүлсүн.
50Ыйык кызмат кылуучу жараны карап көрүп, жара жуккан нерсени жети күн өзүнчө бөлүп коёт.
51Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу жара жуккан нерсени карап көрөт. Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара жайылып кетсе, анда ал – оюп кете турган пес оорусу, ал – таза эмес жара.
52Ал жара жуккан кийимди, жүндөн же зыгыр буласынан токулган кездеменин эришин же аркагын, же булгаарыдан жасалган кандай нерсе болбосун, өрттөп жибериши керек, анткени ал – оюп кете турган пес оорусу. Аны отко өрттөп жибериши керек.
53Эгерде ыйык кызмат кылуучу кийимдеги, кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жаранын жайылбаганын көрсө,
54анда ыйык кызмат кылуучу жара жуккан нерсени жууганга буйрук берет да, экинчи жолу жети күн өзүнчө бөлүп коёт.
55Жара жуккан буюмду жуугандан кийин, ыйык кызмат кылуучу жаранын өзгөрүлбөгөнүн жана жайылбаганын көрсө, анда ал нерсе таза эмес, аны өрттөп жибер. Ал – буюмдун аркагын же эришин оюп кеткен жара.
56Жуулгандан кийин, ыйык кызмат кылуучу жаранын азайып калганын көрсө, анда ал кийимдин, же булгаарынын, же кездеменин эришинин же аркагынын ошол жерин жулуп салсын.
57Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара кайрадан пайда болсо, анда ал – ырбап бара жаткан пес оорусу. Жара жуккан нерсени өрттөп жибер.
58Эгерде кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы жара жуугандан кийин жоголуп кетсе, анда аларды экинчи жолу жууш керек, ошондо алар таза болот.
59Жүндөн же зыгыр буласынан токулган кийимдеги, же кездеменин эришиндеги же аркагындагы, же булгаарыдан жасалган буюмдагы пес оорусунун жарасы жөнүндөгү, аларды кандайча таза же таза эмес деп жарыялоо жөнүндөгү мыйзам ушул».