Лебилер 14:1-56 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деп айтты:

2«Пес оорулуу жөнүндөгү, аны тазалоо убактысы жөнүндөгү мыйзам мындай: аны ыйык кызмат кылуучуга алып келиш керек.

3Ыйык кызмат кылуучу стандын сыртына чыгат. Эгерде ыйык кызмат кылуучу пес оорулуунун пес оорусунан айыкканын көрсө,

4анда ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамга эки тирүү адал канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып келүүнү буйруйт.

5Анан ыйык кызмат кылуучу бир канаттууну алып, чопо идиштеги агын суунун үстүнө мууздоону буйрук кылат.

6Ал эми өзү тирүү канаттууну, кедр жыгачын, кочкул кызыл жипти, иссопту алып, аларды жана тирүү канаттууну агын суунун үстүнө мууздалган канаттуунун канына малат.

7Анан пес оорусунан тазалана турган адамга жети жолу кан чачып, аны таза деп жарыялайт да, тирүү канаттууну талаага коё берет.

8Тазалана турган адам өз кийимдерин жууп, бүт түгүн кырдырып, сууга жуунат, ошондо таза болот. Андан кийин станга келип, жети күн өз чатырынын сыртында турсун.

9Жетинчи күнү денесиндеги бүт түгүн: чачын, сакал-мурутун, кашын, денесинде болгон бүт түгүн кырдырат, анан кийимдерин жууйт, денесин сууга жууйт, ошондо ал таза болот.

10Сегизинчи күнү ал кемчилиги жок эки кочкор, кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.

11Тазалай турган ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды курмандыктары менен бирге Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына коёт.

12Анан ыйык кызмат кылуучу бир эркек козу алып, айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалат. Ошондой эле бир лог зайтун майын алып, аларды Теңирдин алдында силкилдетет.

13Ал козуну күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союла турган жерде, ыйык жерде соёт, анткени айып үчүн чалынуучу бул курмандык күнөө үчүн чалынуучу курмандык сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү. Бул – эң ыйык курмандык.

14Анан ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына жана оң бутунун бармагына сыйпайт.

15Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майынан бир лог алып, өзүнүн сол алаканына куят.

16Анан ыйык кызмат кылуучу оң колунун сөөмөйүн сол алаканындагы зайтун майына малып, Теңирдин алдында жети жолу чачат.

17Ал эми алаканында калган зайтун майын ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына, айып үчүн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.

18Ыйык кызмат кылуучу алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпап, аны Теңирдин алдында тазалайт.

19Андан кийин ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалып, тазалана турган адамды таза эместигинен тазалайт. Ошондон кийин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты соёт.

20Анан ыйык кызмат кылуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын курмандык чалынуучу жайга коёт. Ыйык кызмат кылуучу аны ошентип тазалайт, ошондо ал таза болот.

21Эгерде ал жарды болсо, колунда жок болсо, анда өзүн тазалаш үчүн, Теңирге арнап айып үчүн чалынуучу курмандыкка силкилдетип алып келүү үчүн, бир эркек козу, нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун, бир лог зайтун майын алып келсин.

22Колунан келген эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып келсин. Канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка алып келсин.

23Буларды тазалануунун сегизинчи күнү Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

24Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынуучу курмандык козуну жана бир лог зайтун майын Теңирдин алдында силкилдетсин.

25Анан эркек козуну айып үчүн чалынуучу курмандыкка соёт. Ыйык кызмат кылуучу айып үчүн чалынган курмандыктын канынан алып, тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына сыйпайт.

26Анан ыйык кызмат кылуучу зайтун майын өзүнүн сол алаканына куят.

27Анан сол колундагы зайтун майына оң колунун сөөмөйүн малып, Теңир алдында жети жолу чачат.

28Ыйык кызмат кылуучу алаканындагы зайтун майын тазалана турган адамдын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына, оң бутунун бармагына, айып үчүн чалынган курмандыктын каны сыйпалган жерлерге сыйпайт.

29Ал эми алаканында калган зайтун майын тазалана турган адамдын башына сыйпайт, аны Теңирдин алдында тазалоо үчүн сыйпайт.

30Анан тазалана турган адам алып келген бактектердин бирин же жаш көгүчкөндөрдүн бирин алып келет.

31Анын алып келген канаттууларынын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин нан курмандыгы менен бирге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Ыйык кызмат кылуучу тазалана турган адамды Теңирдин алдында ошентип тазалайт».

32Тазаланып жаткан пес оорулуу кедей жөнүндөгү мыйзам ушул.

33Теңир Муса менен Арунга дагы мындай деп айтты:

34«Мен силерге берген Канаан жерине киргениңерде, силер ээлеген жердеги үйлөргө пес оорусун каптатам.

35Ошондо кимдин үйүн пес оорусу каптаса, ал ыйык кызмат кылуучуга барып: “Менин үйүмдө жара сыяктуу бир нерсе пайда болуп жатат”, – деп айтсын.

36Ыйык кызмат кылуучу үйгө кирип жараны карап көрөрдөн мурун, үйдөгү нерселердин баары таза эмес болуп калбашы үчүн, үйдү бошотууну буйруйт, ошондон кийин гана ыйык кызмат кылуучу үйдү көрүүгө келет.

37Ал жараны карап көрөт. Эгерде жара үйдүн дубалдарына жашыл же кызыл оюкчаларды пайда кылып, дубалга тереңдеп баратса,

38анда ал үйдөн чыгып, үйдү жети күнгө бекитет.

39Жетинчи күнү ыйык кызмат кылуучу кайра келип карап көрөт. Эгерде жара үйдүн дубалдарына жайылып баратса,

40анда ыйык кызмат кылуучу жарасы бар таштарды чыгарып алып, шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып таштоону буйрук кылат.

41Ал эми үйдүн ички шыбагын бүт кырып чыгып, кырындыларды шаардын сыртындагы таза эмес жерге ташташат.

42Анан алынган таштардын ордуна башка таштарды коюп, башка ылай жасап, үйдү кайрадан шыбап чыгышат.

43Эгерде таштарды чыгарып алып, үйдүн шыбагын кырып, таза эмес жерге таштагандан кийин да, жара үйдө кайрадан пайда болуп, жайыла баштаса,

44анда ыйык кызмат кылуучу келип карап көрөт. Эгерде жара жайылып кетсе, анда ал – үйдү оюп кете турган пес оорусу, ал үй таза эмес.

45Ал үйдү бузуп, таштарын, жыгачтарын, шыбактарын шаардын сыртындагы таза эмес жерге алып барып ташташ керек.

46Ким үй жабык турганда кирсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

47Ким ал үйдө түнөсө, кийимдерин жуусун. Ким ал үйдө тамак жесе, кийимдерин жуусун.

48Анан ыйык кызмат кылуучу келип карап көрөт. Эгерде ыйык кызмат кылуучу келип, үй шыбалгандан кийин, үйгө жара жайылбаганын көрсө, анда үйдү таза деп жарыялайт, анткени жара өтүп кеткен.

49Ал үйдү жарадан тазалаш үчүн, эки канаттуу, кедр жыгачын, кочкул кызыл жип жана иссоп алып,

50бир канаттууну агын суу куюлган чопо идиштин үстүнө мууздайт.

51Анан ал кедр жыгачын, иссопту, кочкул кызыл жипти, тирүү канаттууну алып, агын суунун үстүнө мууздалган канаттуунун канына малып, үйгө жети жолу чачып чыгат.

52Ал үйдү канаттуунун каны менен, агын суу менен, тирүү канаттуу менен, кедр жыгачы менен, иссоп менен, кочкул кызыл жип менен тазалайт.

53Анан тирүү канаттууну шаардын сыртындагы талаага коё берет. Yйдү ал ошентип тазалайт, ошондо үй таза болот.

54Пес оорусунун жарасы жөнүндөгү, таз жөнүндөгү,

55кийимдин, үйдүн пес оорусу жөнүндөгү, шишик, темирөткү жана тактар жөнүндөгү,

56алардын качан таза, качан таза эмес болору жөнүндөгү мыйзам ушул. Пес оорусу жөнүндөгү мыйзам ушул».