Лебилер 15:1-33 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Муса менен Арунга мындай деп айтты:

2«Ысрайыл уулдарына мындай деп айткыла: “Кимдин жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса, ал таза эмес болуп эсептелет.

3Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып таза эмес болуп калган адам жөнүндөгү мыйзам мындай: жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса да, акпай кармалса да, ал таза эмес болуп эсептелет.

4Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши жаткан төшөк таза эмес, ал отурган нерсенин баары таза эмес.

5Ким анын төшөгүнө тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

6Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши отурган жерге ким отурса, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

7Ким жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган кишиге колун тийгизсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

8Эгерде жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши таза кишиге түкүрсө, анда ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

9Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши отурган унаадагы орундук кечке чейин таза эмес болот.

10Ким анын астына салынган кандайдыр бир нерсеге тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот. Ал нерсени ким көтөрсө, кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

11Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши колун жуубай туруп бирөөгө тийгизсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

12Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши колун тийгизген чопо идишти талкалап салыш керек, жыгач идиш болсо, сууга жууш керек.

13Жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турган киши ириңинен арылгандан кийин, тазаланыш үчүн, өзүнө жети күн эсептеп алып, кийимдерин жууп, денесин агын сууга жуусун, ошондо ал таза болот.

14Ал эми сегизинчи күнү ал эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып, Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына келип, аларды ыйык кызмат кылуучуга берет.

15Ыйык кызмат кылуучу ал канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны жыныстык мүчөсүнөн агып турган ириңинен ошентип тазалайт.

16Кимдин эрендиги агып кетсе, анда ал бүт денесин сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

17Эрендик түшүп калган кийимди да, булгаарыны да сууга жуусун, ал кечке чейин таза эмес болот.

18Эгерде эркек аял менен жатып, эрендиги куюлса, анда экөө тең суу менен жуунсун, алар кечке чейин таза эмес болушат.

19Эгерде аялдын айызы келсе, анда ал тазаланыш үчүн, жети күн үйдө отурсун. Ким ал аялга тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

20Ал тазаланып жаткан убакта жаткан нерсенин баары таза эмес болуп эсептелет. Ал отурган нерсенин баары таза эмес болуп эсептелет.

21Ким анын төшөгүнө тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

22Ким ал аял отурган кандайдыр бир буюмга тийсе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

23Ким ал аялдын төшөгүндөгү бир нерсеге же ал отурган нерсеге тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот.

24Эгерде күйөөсү ал аял менен жатса, анда анын таза эместиги күйөөсүнө өтөт. Күйөөсү жети күн таза эмес болот, ал жаткан төшөк да таза эмес.

25Эгерде аялдан айызы келип жатканда эмес, башка убакта көп күнгө чейин кан акса, же ал кан демейдеги айызынан да көп акса, анда ал аял каны агып жатканда, айызы келген убагындагыдай эле, таза эмес болот.

26Айызы келип жаткан убагындагы төшөк сыяктуу эле, кан агып жаткан убагында аял жаткан төшөк да таза эмес. Айызы келип жаткан убагындагы нерсе сыяктуу эле, кан агып жаткан убагында аял отурган нерсе да таза эмес.

27Ким аларга тийсе, ал таза эмес, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, ал кечке чейин таза эмес болот.

28Аял канынан арылгандан кийин, өзүнө жети күн эсептеп алсын, ошондон кийин ал таза болот.

29Сегизинчи күнү аял жыйын чатырынын кире беришине, ыйык кызмат кылуучуга эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келет.

30Ыйык кызмат кылуучу канаттуулардын бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалат. Теңирдин алдында ыйык кызмат кылуучу аны денесинен аккан канынан ошентип тазалайт.

31Алардын арасындагы Менин турагымды булгап, өздөрүнүн таза эместигинен өлбөшү үчүн, Ысрайыл уулдарын таза эместигинен ушинтип арылткыла».

32Денесинен ириң агып турган, эрендиги агып кетип таза эмес болуп калгандар жөнүндөгү,

33айызы келген аял жөнүндөгү, таза эмес нерсеси аккан эркек же аял жөнүндөгү, таза эмес аялы менен жаткан эркек жөнүндөгү мыйзам ушул”».