Лебилер 16:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Арундун эки уулу Теңирдин алдына башка от алып келип өлгөндөн кийин, Теңир Муса менен сүйлөштү.

2Теңир Мусага мындай деди: «Бир тууганың Арунга мындай де: Ал өлүп калбашы үчүн, ыйык жайдын көшөгөсүнүн ары жагында турган келишим сандыгынын капкагынын алдына каалаган убагында эле келе бербесин, анткени Мен капкактын үстүнө булут ичинде келип турам.

3Арун ыйык жайга мына булар менен кирсин: күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир букачар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор.

4Ал зыгыр буласынан токулган узун көйнөк, зыгыр буласынан токулган ич кийим кийип, зыгыр буласынан токулган бел курчоо менен курчансын, башына зыгыр буласынан токулган кидар кийсин. Булар – ыйык кийимдер. Аларды денесин сууга жууп туруп кийсин.

5Ысрайыл уулдарынын жамаатынан күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка эки теке, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алсын.

6Арун күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир букачар чалып, өзүн да, үйүндөгүлөрүн да күнөөдөн тазаласын.

7Анан эки текени алып, аларды жыйын чатырынын эшигинин алдына, Теңирдин алдына койсун.

8Анан Арун эки теке үчүн өкчөмө таш ыргытсын: бирин Теңир үчүн, экинчисин чөлгө коё берүү үчүн.

9Теңир үчүн түшкөн текени Арун жетелеп келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалат.

10Ал эми чөлгө коё берүү үчүн түшкөн текени элди күнөөлөрүнөн тазалаш үчүн, чөлгө коё берүү үчүн, Теңирдин алдына тирүү алып келет.

11Анан Арун күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка букачар алып келип, өзүн да, үйүндөгүлөрүн да күнөөдөн тазалайт, букачарды күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка өзү үчүн соёт.

12Теңирдин алдындагы курмандык чалынуучу жайдагы чоктон жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишке толтура салып, майда жанчылган түтөтүлүүчү жыпар жыттуу заттан бир кочуш алып, көшөгөнүн ары жагына кирет.

13Түтөтүлүүчү жыпар жыттуу затты Теңирдин алдында отко салат, түтөтүлгөн заттардын түтүнү келишим сандыгынын капкагын каптайт. Ал өлүп калбашы үчүн ошондой болот.

14Анан ал букачардын канына сөөмөйүн малып, капкактын үстүнө чачат, алды жагына жети жолу чачат.

15Анан элдин күнөөсү үчүн чалынуучу текени союп, анын канын көшөгөнүн ары жагына алып кирип, букачардын канын кандай кылса, ал канды да ошондой кылып, капкактын үстүнө да, алды жагына да чачат.

16Ал ыйык жайды Ысрайыл уулдарынын таза эмес нерселеринен, кылмыштарынан, бүт күнөөлөрүнөн ошентип тазалайт. Алардын таза эмес нерселеринин арасында турган жыйын чатырын да ошентип тазаласын.

17Ал ыйык жайды ыйыктоо үчүн кирип, кайра чыкканга чейин жыйын чатырында эч ким болбосун. Ал өзүн да, үйүндөгүлөрүн да, бүт Ысрайыл жамаатын да күнөөдөн ошентип тазалайт.

18Анан ал Теңирдин алдында турган курмандык чалынуучу жайга чыгып, аны да ошентип тазалайт. Букачардын каны менен текенин канынан алып, курмандык чалынуучу жайдын бардык мүйүздөрүнө сыйпайт.

19Анан анын канына сөөмөйүн малып, ага жети жолу чачып, аны Ысрайыл уулдарынын таза эмес нерселеринен тазалап ыйыктайт.

20Ыйык жайды, жыйын чатырын, курмандык чалынуучу жайды тазалап бүткөндөн кийин, тирүү текени алып келет.

21Арун эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысрайыл уулдарынын бардык мыйзамсыздыктарын, кылмыштарын, күнөөлөрүн ачык айтып, аларды текенин башына жүктөп, дайындалган бир адам менен чөлгө кетирет.

22Теке алардын бардык мыйзамсыздыктарын өзүнө жүктөп, адам бара алгыс жерге алып кетет. Ал текени ошентип чөлгө коё берет.

23Анан Арун жыйын чатырына кирип, ыйык жайга кирерде кийген зыгыр буласынан токулган кийимдерин чечип, ошол жерге калтырат.

24Анан денесин ыйык жерде сууга жууп, өз кийимдерин кийип, сыртка чыгып, өзү үчүн да, эл үчүн да бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып, өзүн да, элин да күнөөдөн тазалайт.

25Ал эми күнөө үчүн чалынуучу курмандыктын майын курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберет.

26Текени чөлгө коё берген адам кийимдерин жуусун, денесин да сууга жуусун. Станга ошондон кийин гана кирсе болот.

27Ал эми каны ыйык жайды тазалаш үчүн ыйык жайга киргизилген, күнөө үчүн чалынган букачар менен текенин терисин, этин, кан-жинин стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберишсин.

28Аларды өрттөгөн адам кийимдерин жуусун, денесин да сууга жуусун. Станга ошондон кийин гана кирсе болот.

29Бул силерге түбөлүккө калган көрсөтмө болсун: жетинчи айдын онунчу күнү өзүңөрдү орозо кармап жоошуткула, эч кандай жумуш кылбагыла, жергиликтүү тургун да, араңардагы келгин да ошентсин.

30Анткени ушул күнү ыйык кызмат кылуучу силерди бардык күнөөлөрдөн тазалаш үчүн, Теңир алдында таза болушуңар үчүн бүт күнөөңөрдөн тазалайт.

31Бул – силер үчүн эс алуучу ишемби күн, орозо кармап, өзүңөрдү жоошуткула, бул – түбөлүк көрсөтмө.

32Күнөөдөн тазартуу ишин өз атасынын ордуна ыйык кызматты аткаруу үчүн майланып дайындалган ыйык кызмат кылуучу гана аткарууга тийиш. Ал ыйык кызмат кылуучу зыгыр буласынан токулган ыйык кийимдерди кийип,

33ыйыктын ыйыгын, жыйын чатырын, курмандык чалынуучу жайды ыйыктайт, ошондой эле ыйык кызмат кылуучуларды, бүткүл жамаатты күнөөдөн тазалайт.

34Ысрайыл уулдарын жылына бир жолу бүт күнөөлөрүнөн тазалап туруу үчүн, бул көрсөтмө силерге түбөлүккө калсын». Теңир кандай буйруса, Муса ошондой кылды.