1Теңир Мусага мындай деп айтты:
2«Арун менен анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Теңир мындай буйрук кылат:
3Ысрайыл элинин ичинен ким стандын ичинде же сыртында букачар, кой же эчки союп,
4Теңирге арнап курмандыкка чалуу үчүн Теңирдин турагынын алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына алып келбесе, анда ал кишинин мойнунда кан калат. Ал кан төктү, ал өз элинин ичинен жок кылынсын.
5Ошон үчүн Ысрайыл уулдары талаада соё турган өздөрүнүн курмандыктарын Теңирдин алдына, жыйын чатырынын эшигинин алдына, ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин жана аларды Теңирге арнап тынчтык курмандыгына чалышсын.
6Ыйык кызмат кылуучу анын канын жыйын чатырынын эшигинин алдында турган Теңирдин курмандык чалынуучу жайына чачсын, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттөсүн.
7Өздөрү адашып ээрчип жүргөн жасалма кудайларына мындан ары курмандык чалбашы үчүн, бул алардын укум-тукумуна түбөлүккө калган көрсөтмө болсун”.
8Аларга дагы мындай де: “Ысрайыл элинин ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык же башка курмандык чалып,
9аларды жыйын чатырынын алдына Теңирге арнап алып келбесе, анда ал өз элинин ичинен жок кылынсын.
10Ысрайыл элинин ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким кандайдыр бир кан жесе, анда Мен кан жеген кишиге каарымды төгүп, аны элинин ичинен жок кылам.
11Анткени дененин жаны – каны. Силердин жаныңарды күнөөдөн тазартуу үчүн, Мен ал канды курмандык чалынуучу жайга дайындагам, анткени ал кан жанды тазартат.
12Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Силердин ичиңерден эч ким кан жебесин, араңарда жашаган келгин да кан жебесин.
13Эгерде Ысрайыл уулдарынын ичинен же араңарда жашаган келгиндердин ичинен ким тузак тартып, жегенге жараган жаныбарды же канаттууну кармап алса, анда ал анын канын агызып, жерге көмүп салсын.
14Анткени ар бир дененин жаны – каны. Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Эч бир дененин канын жебегиле, анткени кан – ар бир дененин жаны. Ким кан жесе, ал жок кылынсын.
15Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, ким болбосун, өлүктү же жырткыч жара тартып кеткен жаныбарды жесе, ал кийимдерин жуусун, өзү да сууга жуунсун, кечке чейин таза эмес болуп, андан кийин гана таза болот.
16Эгерде ал кийимин жана денесин жуубаса, анда өз мыйзамсыздыгы өз мойнунда болот”».