1Теңир Мусага мындай деп айтты:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силердин Кудай-Теңириңермин.
3Силер жашап келген Мисир жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, Мен силерди алып бараткан Канаан жериндегилердин кылган иштерин кылбагыла, алардын мыйзамдары боюнча жашабагыла.
4Менин мыйзамдарым менен көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла, ошолордун негизинде жашагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.
5Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, аларды аткарган адам тирүү болот. Мен Теңирмин.
6Эч ким жакын тууганы болгон аялдын жылаңач этин ачып жакындабасын. Мен Теңирмин.
7Атаң менен энеңдин жылаңач этин ачпа: ал сенин энең, энеңдин жылаңач этин ачпа.
8Атаңдын аялынын жылаңач этин ачпа, ал өз атаңдын жылаңач эти болот.
9Эже-карындашыңдын, атаңдын же энеңдин үйдө же сыртта туулган кызынын жылаңач этин ачпа.
10Уулуңдун кызынын же кызыңдын кызынын жылаңач этин ачпа, анткени ал өзүңдүн жылаңач этиң.
11Атаңдан төрөлгөн атаңдын аялынын кызынын жылаңач этин ачпа, ал сенин аталаш эжең же карындашың, ошондуктан анын жылаңач этин ачпа.
12Атаңдын эжесинин же карындашынын жылаңач этин ачпа, анткени сенин атаң менен анын каны бир.
13Энеңдин эжесинин же сиңдисинин жылаңач этин ачпа, анткени сенин энең менен анын каны бир.
14Атаңдын бир тууганынын жылаңач этин ачпа, анын аялына жакындаба, анткени ал сенин жеңең.
15Келиниңдин жылаңач этин ачпа, анткени ал сенин уулуңдун аялы, анын жылаңач этин ачпа.
16Бир тууганыңдын аялынын жылаңач этин ачпа, анткени ал бир тууганыңдын жылаңач эти болот.
17Энеси менен кошо кызынын жылаңач этин ачпа. Ал аялдын уулунун кызын же кызынын кызын аялдыкка алба, жылаңач этин ачпа, анткени алардын каны бир. Бул мыйзамсыздык болот.
18Эжеси менен сиңдисин күндөш кылып аялдыкка алба, аялыңдын көзү тирүүсүндө, аялыңдын көз алдында анын жылаңач этин ачпа.
19Аялыңдын айызы келип жатканда, жылаңач этин ачпа.
20Жакыныңдын аялы менен жатпа, эрендигиңди агызып булганба.
21Балдарыңды Молохко курмандыкка чалып Кудайыңдын атын булгаба. Мен Теңирмин.
22Аял менен жаткандай, эркек менен жатпа, бул жийиркеничтүү.
23Мал менен жанашып эрендигиңди агызып булганба. Аял да мал менен жанашпасын. Бул жийиркеничтүү.
24Мындай нерселер менен булганбагыла, анткени Мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдер ушунун баары менен булганган.
25Жер булганды, Мен анын мыйзамсыздыктарына жүзүмдү бурдум, жер өзүнүн үстүндө жашагандарды силкип салды.
26Силер болсо Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Жергиликтүү тургун да, араңарда жашаган келгин да мындай жийиркеничтүү иштерди кылбасын.
27Анткени силерге чейин жашаган эл бул жерди ушундай жийиркеничтүү иштерди кылып булгаган.
28Эгерде силер да бул жерди булгасаңар, анда жер мурда жашаган элди силкип салгандай, силерди да силкип салат.
29Анткени ушундай жийиркеничтүү ишти кылгандардын баары өз элинин ичинен жок кылынат.
30Силерден мурункулар кылган жийиркеничтүү иштерди кылып булганбашыңар үчүн, Менин буйруктарымды сактагыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».