1Ким Теңирге арнап нан курмандыгын алып келе турган болсо, буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куюп, үстүнө ладан салсын.
2Анан аны Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган ундан бир ууч алып, Теңир эсине алышы үчүн, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.
3Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арналган курмандыктардын эң ыйыгы болот.
4Эгерде нан курмандыгына тандырга жабылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жуурулган нан болсун жана зайтун майы сыйпалган, ачыткы кошулбаган токоч болсун.
5Эгерде нан курмандыгына көмөч казанга бышырылган нан алып келсең, анда ал ачыткы кошулбаган, зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.
6Аны сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куй. Бул нан курмандыгы болот.
7Эгерде нан курмандыгына карапага бышырылган нан алып келсең, анда ал зайтун майы кошулган буудай унунан жасалсын.
8Теңирге ушундай жасалган нан курмандыктарын алып кел. Аларды ыйык кызмат кылуучуга бер, ал болсо аны курмандык чалынуучу жайга алып келип коёт.
9Ыйык кызмат кылуучу ал курмандыктардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.
10Ал эми нан курмандыгынын калганы Арунга жана анын уулдарына тиешелүү. Бул Теңирге арнап өрттөлүүчү курмандыктардын эң ыйыгы.
11Теңирге арнап алып келген нан курмандыгыңардын эч бирине ачыткы кошпогула, анткени ачыткы кошулган курмандыкты, балды Теңирге арнап өрттөгөнгө болбойт.
12Аларды биринчи түшүм курмандыгы катары Теңирге алып келсеңер болот, бирок аларды жагымдуу жыт катары курмандык чалынуучу жайда өрттөгөнгө болбойт.
13Нан курмандыктарыңдын ар бирине туз сал. Курмандыктарыңа Кудайыңдын келишим тузун кошпой койбо. Ар бир курмандыгыңды алып келгенде, туз ала кел.
14Эгерде биринчи түшүмүңдөн Теңирге арнап нан курмандыгын алып келсең, анда алгачкы буудай баштарынан отко кууруп, жанчып майдалап алып кел.
15Аларга зайтун майынан куюп, үстүнө ладан салып кой. Бул нан курмандыгы болот.
16Ыйык кызмат кылуучу зайтун майы менен ладан кошулган дандардын бир бөлүгүн алып, Теңир эсине алышы үчүн өрттөсүн. Бул Теңирге арналган курмандык болот.