Лебилер 21:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деп айтты: «Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, мындай деп айт: “Алардын эч кимиси өз элинин ичинен өлгөндөргө тийип булганбасын.

2Бирок алардын каны бир болгон жакыны: энеси, же атасы, же уулу, же кызы, же бир тууганы,

3же жакыны болгон күйөөгө чыга элек карындашы өлүп, аларга колун тийгизсе, булганбайт.

4Таза эмес болуп калбашы үчүн, өз элинин ичинен кимге болбосун, колун тийгизип булганбашы керек.

5Алар чачтарын алдырышпасын, сакалдарынын учтарын кырктырышпасын, денелерине так салдырышпасын.

6Алар өз Кудайынын алдында ыйык болушсун жана өз Кудайынын ысымын булгашпасын. Алар Теңирге курмандык чалышат, өз Кудайына нан тартуулашат, ошондуктан алар ыйык болушсун.

7Алар бузулган аялды, жаманатты болгон аялды, күйөөсү таштап кеткен аялды алышпасын, анткени алар – Кудайга арналган ыйык адамдар.

8Аларды ыйык тут, анткени алар Кудайыңа нан тартуулашат. Алар сен үчүн ыйык болушсун, анткени силерди ыйык кылган Теңириңер Мен ыйыкмын.

9Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы ойноштук кылып өзүн булгаса, ал атасынын атын булгаган болот. Аны отко өрттөп жибергиле.

10Бир туугандарынын ичинен башына майлоочу май куюлуп майланган, ыйык кийим кийген башкы ыйык кызмат кылуучу баш кийимин чечпесин жана кийимдерин айрыбасын.

11Өлгөн адамга жакындабасын. Ал турсун, өлгөн атасы менен энесине колун тийгизип өзүн булгабасын.

12Ыйык жайдан алыстабасын, Кудайынын ыйык жайын булгабасын, анткени ал – башы майлоочу май менен майланган, Кудайга арналган адам. Мен Теңирмин.

13Ал кызга үйлөнсүн.

14Ал жесир аялды, же күйөөсү таштап кеткен аялды, же жаманатты болгон аялды, же бузулган аялды албасын. Ал өз элинин гана кызын аялдыкка алсын.

15Ал өз тукумун өз элинин арасында булгабасын, анткени аны ыйык кылган Теңир Менмин”».

16Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

17«Арунга мындай деп айт: “Сенин укум-тукумуңдун ичинен денесинде кемчилиги бар адам Кудайына нан тартуулабасын.

18Денесинде кемчилиги бар адам ыйык кызмат кылуучу болбосун. Сокур, төкөр, кебетеси бузук,

19буту сынган, колу сынган,

20бүкүр, кургак учук менен ооруган, көзүн чел баскан, котур, таз, энеги майып адам курмандык чалбасын.

21Ыйык кызмат кылуучу Арундун тукумунан денесинде кемчилиги бар адам Теңирге курмандык чалбасын. Анын денесинде кемчилиги болгондуктан, Кудайына нан тартуулабасын.

22Ал адам Кудайынын эң ыйык курмандыктарынан жана ыйык курмандыктарынан жесе болот.

23Бирок ал ыйык жайдын көшөгөсүнө келбесин, курмандык чалынуучу жайга жакындабасын, анткени анын денесинде кемчилиги бар. Ал Менин ыйык жайымды булгабасын, анткени аларды ыйык кыла турган Теңир Менмин”».

24Муса ушулардын баарын Арунга, анын уулдарына жана Ысрайыл уулдарына айтты.