1Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
2«Арунга жана анын уулдарына мындай де: Менин ысымымды булгабаш үчүн, алар Ысрайыл уулдарынын Мага тартуулаган ыйык нерселерине этият мамиле кылышсын. Мен Теңирмин.
3Аларга мындай де: “Силердин укум-тукумуңардан ким таза эмес болуп туруп, Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнаган ыйык нерселерине жакындаса, анда ал Менин алдымдан жок кылынат. Мен Теңирмин”.
4Арундун тукумунан ким пес оорусу менен ооруса же жыныстык мүчөсүнөн ириң агып турса, анда ал тазаланмайынча, ыйык тамактан жебесин; ким өлүккө тийип таза эмес болуп калган нерсеге тийсе, же кимдин эрендиги агып кетсе,
5же адамды таза эмес кыла турган кандайдыр бир сойлоочу жаныбарга же кандай гана таза эместиги менен болбосун, таза эмес кыла турган адамга тийсе,
6ушулардын бирине тийсе, ал кечке чейин таза эмес болот, ал денесин жуумайынча, ыйык тамактан жебесин.
7Ал күн баткандан кийин гана таза болот, ошондо ыйык тамактан жесе болот, анткени бул – анын азыгы.
8Ал булганбаш үчүн, өлүктү, жырткыч жара тарткан жаныбарды жебесин. Мен Теңирмин.
9Алар Менин ушул буйруктарымды бузуп күнөөгө батып, ошол күнөөсүнүн айынан өлүп калбашы үчүн, Менин буйруктарымды сакташсын. Аларды ыйык кылган Теңир Менмин.
10Ыйык тамакты бөлөк бирөө жебесин. Аны ыйык кызмат кылуучунун үйүндө жашаган адам да, жалданма адам да жебесин.
11Ыйык тамакты ыйык кызмат кылуучу күмүшкө сатып алган адам жесе болот. Ошондой эле анын үйүндө төрөлгөн кулдар да жесе болот.
12Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы жат кишиге күйөөгө чыкса, анда ал тартууга келген ыйык тамактарды жебесин.
13Эгерде ыйык кызмат кылуучунун кызы жесир калса, же күйөөсү менен ажырашып кетсе, бирок балдары жок болсо, кыз кезинде жашаган атасынын үйүнө кайтып келген болсо, анда ал атасынын тамагынан жесе болот. Анын үй-бүлөсүнөн башка эч ким аны жебесин.
14Ким ыйык тамактан билбей жеп алса, ал тамактын баасына анын баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ыйык кызмат кылуучуга төлөп берсин.
15Ыйык кызмат кылуучулар өздөрү Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ыйык тамактарын булгашпасын.
16Ыйык кызмат кылуучулар ыйык тамакты жеп жатканда, кылмыш кылып айыпка жыгылышпасын, анткени аларды ыйык кылган Теңир Менмин».
17Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
18«Арунга, анын уулдарына жана Ысрайылдын бардык уулдарына мындай деп жарыяла: “Ысрайыл уулдарынын ичинен же Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан келгиндердин ичинен ким убада боюнча же өз каалоосу боюнча Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык алып келсе,
19анда ал Кудайдын алдында ырайым табыш үчүн, алып келген курмандыгы эч кандай кемчилиги жок эркек бодо, же кой, же эчки болсун.
20Кемчилиги бар эч бир малды курмандыкка чалбагыла, анткени мындай курмандык менен силер ырайым таппайсыңар.
21Ким убада боюнча же өз каалоосу боюнча Теңирге арнап бодо же майда малдан тынчтык курмандыгын алып келсе, анда ал Кудайдан ырайым табышы үчүн, алып келген курмандыгы эч кандай кемчилиги жок болсун. Курмандыктын эч кандай кемчилиги болбосун.
22Малдын сокурун, майыбын, чабырын, оорулуусун, котурун, түлөгөнүн Теңирге курмандыкка чалбагыла. Андай малды Теңирдин курмандык чалынуучу жайына алып келбегиле.
23Мүчөлөрү өтө узун же өтө кыска букачарды же козуну өз каалоосу боюнча чалынуучу курмандыкка чалса болот, бирок убада боюнча чалынуучу курмандыкка чалганга болбойт.
24Энеги майып болгон, жанчылган, үзүлгөн же кесилип алынган малды Теңирге курмандыкка чалбагыла, өз жериңерде андай кылбагыла.
25Ушундай малдарды башка жердик адамдардын колунан алып Кудайыңарга тартуу кылбагыла, анткени алар майып, алардын кемчилиги бар, ошондуктан ырайым таппайсыңар”».
26Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
27«Музоо, же козу, же улак туулгандан кийин энесинин жанында жети күн болсун, ал эми сегизинчи күндөн баштап Теңирге курмандыкка чалса болот.
28Бирок уйду да, койду да баласы менен сойбогула.
29Эгерде Теңирге ыраазычылык билдирүү курмандыгын чалгыңар келсе, анда ырайым таба тургандай кылып чалгыла.
30Ал курмандык ошол эле күнү желсин. Андан эртең мененкиге калтырбагыла. Мен Теңирмин.
31Менин осуяттарымды сактагыла жана аткаргыла. Мен Теңирмин.
32Мени Ысрайыл уулдары ыйык тутуш үчүн, Менин ыйык ысымымды булгабагыла. Силерди ыйык кылган Теңириңер Менмин.
33Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерди Мисир жеринен алып чыккан Теңириңер Менмин».