Лебилер 23:1-44 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2«Теңирдин мына бул майрамдарын “ыйык жыйын” деп атоо керек экенин Ысрайыл уулдарына жарыяла, аларга мындай деп айт: Менин майрамдарым булар:

3Алты күн иштегиле, ал эми жетинчи күн – ишемби, дем алуу күнү, ыйык жыйын күнү. Ал күнү эч кандай жумуш кылбагыла. Кайсы жерде жашасаңар да, бул күн – Теңирдин ишемби күнү.

4Белгиленген убагында майрамдала турган Теңирдин ыйык жыйындары булар:

5Биринчи айдын он төртүнчү күнү кечинде Теңирдин Пасах майрамы.

6Ошол эле айдын он бешинчи күнү Теңирдин Ачыткысыз нан майрамы. Жети күн ачыткысыз нан жегиле.

7Бул майрамдын биринчи күнү силерде ыйык жыйын болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла.

8Жети күн катары менен Теңирге курмандык чалгыла. Жетинчи күнү дагы ыйык жыйын болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла».

9Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

10«Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: Мен силерге берген жерге келип, эгин оро баштаганыңарда, эгиниңердин биринчи боосун ыйык кызмат кылуучуга алып келгиле.

11Силер ырайым табышыңар үчүн, ыйык кызмат кылуучу боону Теңирдин алдына алып барат. Ал аны майрамдын экинчи күнү көтөрүп барат.

12Боону көтөрүп барган күнү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козу чалгыла.

13Аны менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун, анын үстүнө куюла турган гиндин төрттөн бир бөлүгүнчөлүк шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

14Кудайыңарга ушул курмандыктарды алып келмейинче, эч кандай нан, куурулган буудай жана жаңы бышкан буудай жебегиле. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

15Боону силкилдетип алып келген майрамдын биринчи күнүнөн баштап толук жети жума эсептегиле.

16Жети жума, бир күн болгондо (эсептегенде элүү күн болот), Теңирге арнап биринчи түшүмдөн нан курмандыгын алып келгиле.

17Yйүңөрдөн биринчи түшүм катары Теңирге арнап нан курмандыгына эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унунан ачыткы кошулуп бышырылган эки нан алып келгиле.

18Нан менен кошо эч кемчилиги жок бир жылдык жети козу, бодо малдан бир букачар жана эки кочкор алып келгиле. Булар Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык болсун. Нан курмандыгын жана үстүнө куюлуучу шарапты жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

19Ошондой эле күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир текени, тынчтык курмандыгына бир жылдык эки козуну даярдап койгула.

20Буларды ыйык кызмат кылуучу силкилдетиле турган биринчи түшүмдүн наны жана эки козу менен бирге Теңирдин алдында силкилдетсин. Теңирге арналган ушул ыйык нерселер ыйык кызмат кылуучуга таандык.

21Ошол күнү элди чакырып, ыйык жыйын өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

22Эгиниңерди оруп жатканыңарда, талааңардын четин орбой калтырып койгула, жерге түшүп калганын албагыла. Аны жарды менен келгиндерге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин».

23Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

24«Ысрайыл уулдарына айт: “Жетинчи айдын биринчи күнү – силер эс ала турган күн, сурнай майрамы. Ошол күнү ыйык жыйын өткөргүлө.

25Эч кандай жумуш кылбагыла, Теңирге курмандык чалгыла”».

26Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

27«Ошондой эле ошол жетинчи айдын онунчу күнү – күнөөдөн арылуу күнү силерде ыйык жыйын болсун. Өзүңөрдү орозо кармап жоошутуп, Теңирге курмандык чалгыла.

28Ал күнү эч кандай жумуш кылбагыла. Ал – тазалануу күнү, силердин Кудайыңар болгон Теңириңердин алдында тазалана турган күн.

29Бул күнү өзүн орозо кармап жоошутпаган адам өз элинин арасынан жок кылынат.

30Ким ал күнү жумуш кылса, Мен ал адамды өз элинин арасынан жок кылам.

31Эч кандай жумуш кылбагыла. Бул силердин укум-тукумуңарга, алар кайсы жерде жашашса да, түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

32Ал күн – силер эс алуучу ишемби күн, ошол күнү орозо кармап өзүңөрдү жоошуткула. Айдын тогузунчу күнүнүн кечинен баштап кийинки күндүн кечине чейин ишемби күндү майрамдагыла».

33Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

34«Ысрайыл уулдарына мындай де: “Ошол эле жетинчи айдын он бешинчи күнү – Алачыктар майрамы. Бул майрам жети күнгө созулат.

35Ал майрамдын биринчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө. Эч кандай жумуш кылбагыла.

36Жети күн бою Теңирге курмандык чалгыла. Сегизинчи күнү ыйык жыйын өткөргүлө, Теңирге курмандык чалгыла. Бул майрамдын акыркы күнү эч кандай жумуш кылбагыла.

37Мына ушулар – Теңирдин майрамдары. Бул күндөрү ыйык жыйындар өткөрүлсүн. Бул күндөрү Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыктарын, союлуучу курмандыктарды, куюлуучу курмандыктарды өздөрүнүн белгиленген убагында чалгыла.

38Теңирге арнап алып келген тартууларыңардан, Теңирдин ишемби күндөрүндө алып келген курмандыктарыңардан, убада боюнча же өз каалооңор боюнча алып келген курмандыктарыңардан сырткары алып келе турган курмандыктарыңар ушулар.

39Ал эми жетинчи айдын он бешинчи күнү, түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла. Майрамдын биринчи жана сегизинчи күнү – эс алуу күнү.

40Майрамдын биринчи күнү кооз дарактардын бутактарын, курма пальмасынын бутактарын, жазы жалбырактуу жыгачтын бутактарын жана дарыя жээгиндеги кызыл талдын бутактарын алып, Кудай-Теңириңердин алдында жети күн көңүл ачкыла.

41Теңирдин бул майрамын бир жылда жети күн майрамдагыла. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө. Аны жетинчи айда майрамдагыла.

42Алачыктарда жети күн жашагыла. Ысрайылдын ар бир жергиликтүү тургуну алачыкта жашасын.

43Мен Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыкканда, аларды алачыктарда жашатканымды силердин урпактарыңар биле жүрүшсүн. Мен силердин Кудай-Теңириңермин”».

44Муса Теңирдин мына ушул майрамдары жөнүндө Ысрайыл уулдарына жарыя кылды.