1Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:
2«Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук кыл: Чырактан үзгүлтүксүз күйүп, жарык берип турушу үчүн, алар сага чырактанды күйгүзүү үчүн тазаланган, жанчылган зайтун майын алып келишсин.
3Арун аны жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдында тартылып турган көшөгөнүн сыртында кеч киргенден таң атканга чейин Теңир алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын. Бул – силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калган көрсөтмө.
4Ал таза алтындан жасалган чырактандын үстүндөгү чырактарды Теңирдин алдында дайыма күйүп турушу үчүн даярдасын.
5Буудай унунан он эки нан бышыр. Ар бир нанга эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк ун кетсин.
6Аларды Теңирдин алдындагы таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө алты-алтыдан эки катар кылып кой.
7Ар бир катар нандын үстүнө ладан кой, ал Теңир эсине алышы үчүн коюлган курмандык болсун.
8Ишемби сайын аларды Ысрайыл уулдарынан алып, Теңирдин алдына дайыма коюп турсун. Бул – түбөлүккө калган мыйзам.
9Алар Арун менен анын уулдарына таандык, аларды ыйык жайда жешсин, анткени алар Теңирге арналган курмандыктардын ичинен эң ыйыгы. Бул – түбөлүккө калган көрсөтмө».
10Ысрайылдык бир аялдын мисирлик адамдан төрөлгөн уулу Ысрайыл уулдарына келип, ысрайылдык бир адам менен стандын ичинде чатакташа кетти.
11Ысрайылдык аялдын уулу Теңирдин ысымына тил тийгизип, жаман сөздөрдү айтты. Ошондо аны Мусага алып келишти.
12Теңирдин буйругу жарыялангыча, аны камап коюшту.
13Ошондо Теңир Мусага мындай деп айтты:
14«Жаман сүйлөгөн адамды стандын сыртына алып чык, анын жаман сөздөрүн уккандардын бардыгы колдорун анын башына коюшсун, анан бүт жамаат аны таш бараңга алып өлтүрсүн.
15Ысрайыл уулдарына болсо мындай де: Ким Кудайга жаман сөз айтса, ал өз күнөөсүн өзү көтөрөт.
16Теңирдин ысымына тил тийгизген адам өлүшү керек, бүткүл жамаат аны таш бараңга алсын. Теңирдин ысымына тил тийгизген келгин да, жергиликтүү тургун да өлүм жазасына тартылсын.
17Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.
18Ким мал өлтүрсө, ал малдын ордуна мал төлөп берсин.
19Ким өз жакынын жарадар кылса, аны да жарадар кылышсын.
20Сыныкка сынык, көзгө көз, тишке тиш. Ким бир адамды кандай жарадар кылса, аны да так ошондой жарадар кылышсын.
21Ким мал өлтүрсө, ал аны төлөп берсин. Ким адам өлтүрсө, ал өлүм жазасына тартылсын.
22Келгин үчүн да, жергиликтүү тургун үчүн да бир мыйзам болсун, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин».
23Муса Ысрайыл уулдарына ушуларды айтты. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылып, Теңирдин ысымына тил тийгизген адамды стандын сыртына алып чыгып, таш бараңга алышты.