Лебилер 25:1-55 KYB2004 - Bible AI

1Синай тоосунда Теңир Мусага мындай деп айтты:

2«Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Мен силерге берген жерге келгениңерде, ал жер Кудай белгилеген жетинчи жылы эс алсын.

3Алты жыл катары менен талааңа эгин эк, алты жыл катары менен жүзүмүңдү бута, алардын түшүмдөрүн жыйна.

4Ал эми жетинчи жыл жердин эс алуу жылы болсун, ал жыл – Теңирдин ишемби жылы. Ал жылы талааңа эгин экпе, жүзүмүңдү бутаба.

5Өзү өсүп чыккан эгинди орбо, буталбаган жүзүмдүн түшүмүн жыйнаба. Ал жыл жердин эс алуу жылы болсун.

6Жердин эс алуу жылында өзү өсүп чыккан түшүм өзүңө да, кулуңа да, күңүңө да, жалданган жумушчуңа да, араңарда жашаган келгинге да,

7малыңа да, жаныбарларга да тамак болсун.

8Өзүң үчүн эс алуу жылынан жети жолу жети жылды эсептеп ал, ошондо кырк тогуз жыл болот.

9Жетинчи айдын онунчу күнү сурнай тарт, күнөөдөн арылуучу ошол күнү бүт жериңерде сурнай тарткыла.

10Элүүнчү жылды ыйык туткула, ошол жылы жериңердеги бардык элдерге эркиндик жарыялагыла. Ал жыл силер үчүн юбилей жылы болсун. Ар ким өз менчигине кайтып келсин, ар ким өз үй-бүлөсүнө келсин.

11Элүүнчү жыл юбилей жылыңар болсун. Yрөн сеппегиле, өзү өсүп чыккандарды орбогула, буталбаган жүзүмдүн мөмөсүн үзбөгүлө.

12Анткени бул жыл – юбилей жылы. Бул жыл силер үчүн ыйык жыл болсун. Ушул жылы талаада эмне өссө, ошону жегиле.

13Ушул юбилей жылы ар бириңер өз менчигиңерге кайтып келгиле.

14Жакыныңарга бир нерсе сатканда же жакыныңардан бир нерсе сатып алганда, бири-бириңерди таарынтпагыла.

15Жерди жакыныңдан юбилей жылынан кийинки жылдары сатып алсаң болот, анткени ал сага жерди киреше бере турган маалында сатат.

16Эгерде юбилей жылына чейин көп жыл бар болсо, баасы кымбат болот. Эгерде юбилей жылына аз жыл калса, баасы арзан болот, анткени ал жерди түшүм бере турган жылдардын санына жараша сатат.

17Бири-бириңерди таарынтпагыла. Кудайыңардан корккула, анткени Мен силердин Кудай-Теңириңермин.

18Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо жер бетинде тынч жашайсыңар.

19Жер да өз түшүмүн берет, тойгончо жеп, жер үстүндө тынч жашайсыңар.

20Эгерде жетинчи жылы: «Же үрөн сеппесек, же түшүм жыйнабасак, эмне жейбиз?» – дей турган болсоңор,

21Мен алтынчы жылы силерге батамды беремин, ошондо жер үч жылдын түшүмүн берет.

22Сегизинчи жылы үрөн себесиңер, бирок тогузунчу жылга чейин, анын түшүмүн жыйнаганга чейин, мурунку жылдын түшүмүнөн жейсиңер.

23Жер биротоло сатылбасын, анткени жер Меники. Силер Менин келгиндеримсиңер жана убактылуу тургундарымсыңар.

24Өзүңөрдүн ээлеп турган жериңерди кунун төлөп кайрып алсаңар болот.

25Эгерде бир тууганың жакырланып кетип, ээлеген жерин сатып жиберсе, анда анын жакын тууганы ал жерди кун төлөп кайра кайрып алсын.

26Эгерде анын кун төлөп кайрып ала турган жакын тууганы жок болсо, бирок кийин өзү кунун төлөгөнгө каражат тапса,

27анда ал саткан жылдардан баштап эсептеп, саткан кишисине калган жылдарга жараша төлөп берсин, ошентип өз жерине кайрадан ээ болот.

28Эгерде кайра алууга каражат таппаса, анда сатылган жер алган кишинин колунда юбилей жылына чейин калат, ал эми юбилей жылы жер кайрадан ээсине тиет.

29Ким дубал менен курчалган шаардагы үйүн сатса, анда аны саткан күндөн баштап бир жыл өткөнчө кун төлөп кайрып алса болот. Бир жылдын ичинде кун төлөп кайра кайрып алса болот.

30Эгерде дубал менен курчалган шаардагы үй бир жылдын ичинде кун төлөнүп кайрылып алынбаса, анда ал үй сатып алган адамга жана анын тукумуна түбөлүккө калат, ээсине юбилей жылы да кайтарылбайт.

31Ал эми дубал менен курчалбаган айылдагы үйлөрдү, жерди кун төлөп кайтарып алгандай кайтарып алыш керек. Ал үйлөрдү кун төлөп кайра кайтарып алууга болот, ээсине юбилей жылы кайра берилет.

32Ал эми лебилер шаардагы үйлөрүн каалаган убагында кун төлөп кайра кайтарып алышса болот.

33Лебилердин ичинен ким үйүн кун төлөп кайтарып албаса, анда ал үй юбилей жылы лебиге кайрадан өтөт, анткени шаарлардагы лебилердин үйлөрү Ысрайыл уулдарынын ичинен лебилерге гана таандык.

34Шаарларынын тегерегиндеги жерлери да сатылбайт, анткени бул – алардын түбөлүк ээлиги.

35Келгин болобу, бөтөн жерлик болобу, жакының жакырланып, турмушу начарлап баратса, ага жардам бер, ал сенин жаныңда жашасын.

36Ага бергениңдин үстүнө үстөк кошуп алба, бергениңден түшкөн кирешени да алба, Кудайыңдан корк. Жакының сенин жаныңда жашасын.

37Күмүшүңдү үстөк алыш үчүн бербе, тамагыңды пайда табыш үчүн бербе.

38Силердин Кудайыңар болуш үчүн, силерге Канаан жерин бериш үчүн, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.

39Сенин жаныңда жашаган бир тууганың жакырланып кетип, сага кулчулукка сатылса, сен аны кулдай иштетпе.

40Ал сен үчүн жалданган кызматчы, келгин катары болсун. Юбилей жылына чейин сеникинде иштеп турсун.

41Ошондон кийин гана ал сенден бөлүнүп кетсин, өзү да, балдары да өз үй-бүлөсүнө кайтсын, кайрадан өз ата-бабаларынын ээлигин ээлесин.

42Анткени алар – Менин кулдарым, аларды Мен Мисир жеринен алып чыккам. Аларды кулдарды саткандай сатпагыла.

43Аларга катаал бийлик кылба, Кудайыңдан корк.

44Өз кулуң, өз күңүң болсун десең, тегеректеги элдерден сатып ал.

45Араңарда жашаган келгиндердин балдарынан да сатып алсаңар болот, алардын силердин жериңерде төрөлгөн балдарынан да сатып алсаңар болот, ошондо алар силердин менчигиңер болуп калат.

46Аларды өзүңөрдөн кийин балдарыңарга мураска калтырсаңар болот. Алар силерге түбөлүккө кул болсун. Бирок өз бир тууганыңарга, Ысрайыл уулдарына, бири-бириңерге катаал бийлик кылбагыла.

47Эгерде сенин жаныңда жашаган келгин же бөтөн жерлик жетиштүү жашап калса, ал эми бир тууганың анын алдында жакырланып кетип, келгинге же келгиндин уругунан бирөөнө өзүн кулчулукка сатса,

48анда ал сатылгандан кийин, аны кунун төлөп кайра кайтарып алса болот. Бир туугандарынын ичинен бирөө аны кунун төлөп кайрып алсын.

49Же анын атасынын бир тууганы, же анын баласы, же анын жакын туугандарынан бирөө, же уруусунан бирөө анын кунун төлөсүн. Эгерде каражат тапса, өзүн өзү бошотуп алат.

50Ал өзүн саткан жылдан юбилей жылына чейинки жылдарды эсептеп, ошол жылдардын санына жараша күмүш төлөсүн. Ал ага убактылуу жалданган адамдай болуп эсептелсин.

51Эгерде юбилей жылына чейин дагы көп жыл бар болсо, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.

52Эгерде юбилей жылына аз эле жыл калса, анда өзүнүн куну үчүн төлөнгөн күмүштү калган жылдардын ичинде төлөп берсин.

53Кулчулукка сатылган жылдарда ал ага жалданган адамдай болсун. Ал сенин көзүңчө ага катаал бийлик кылбасын.

54Эгерде ага ушундай жол менен кун төлөнбөсө, анда юбилей жылы өзү да, балдары да бошотулат.

55Анткени Ысрайыл уулдары – Менин кулдарым. Алар – Мен Мисир жеринен алып чыккан Менин кулдарым. Мен силердин Кудай-Теңириңермин.