1Табыныш үчүн жасалма кудайларды, балбалдарды, мамыларды, сүрөт чегилген таштарды жашаган жериңерге орнотпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер Менмин.
2Менин ишембилеримди сактагыла, Менин ыйык жайымды ыйык туткула. Мен Теңирмин.
3Эгерде силер Менин көрсөтмөлөрүм боюнча жашасаңар, Менин осуяттарымды сактасаңар жана аткарсаңар,
4анда Мен жамгырды өз убагында жаадырам, жер да өз түшүмүн берет, талаадагы дарактар да жемиш берет.
5Бастырган даныңар жүзүм үзгөнгө чейин жетет, жыйнаган жүзүмүңөр үрөн сепкенге чейин жетет, наныңарды тойгончо жеп, өз жериңерде бейкут жашайсыңар.
6Жериңерге бейпилдик берем. Уктап жатканыңарда эч ким тынчыңарды албайт. Силер жашаган жерден жырткыч айбандарды кууп чыгарам, кылыч көтөргөндөрдү жолотпойм.
7Кастарыңарды качырасыңар, алар силердин кылычыңардан өлүшөт.
8Бешөөң жүздү качырасың, жүзүң түмөндү качырасың, душманыңар силердин кылычыңардан кыйрайт.
9Мен Өзүм силерге назарымды салып, укум-тукумуңарды көбөйтөм, силер менен түзгөн келишимиме бек турам.
10Өткөн жылдыкын жейсиңер, жаңы түшүмдүн молдугунан эскини таштап коёсуңар.
11Өзүмдүн турагымды силердин араңарга тургузам, Мен силерден баш тартпайм.
12Силердин араңарда жүрүп, силердин Кудайыңар болом, силер Менин элим болосуңар.
13Силер Мисир жеринде кул болбошуңар үчүн, кулчулуктун кишендерин талкалап, башыңарды бийик көтөртүп, Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириңер Менмин.
14Эгерде Мага тил албасаңар, ушул осуяттардын баарын аткарбасаңар,
15Менин көрсөтмөлөрүмдү жек көрсөңөр, Менин мыйзамдарымдан баш тартсаңар, Менин осуяттарымды аткарбасаңар, Менин келишимимди бузсаңар,
16анда Мен да мындай кылам: үрөй учурган коркунуч, кургак учук, безгек каптатам, ошондо айлаңар кетип, жаныңар кыйналат. Сепкен үрөнүңөр текке кетет, аны кас душмандарыңар жейт.
17Мен силерге каршы чыгам, ошондо душмандарыңардын алдында кыйрайсыңар, душмандарыңар силерге үстөмдүк кылат, аркаңардан эч ким куубаса деле качып жөнөйсүңөр.
18Ошондон кийин да Менин тилимди албасаңар, анда күнөөлөрүңөр үчүн жазаны жети эсе көбөйтөм.
19Кекирейген текебердигиңерди сындырып, асманыңарды темирдей, жериңерди жездей кылам.
20Силердин күчүңөр текке кетет, жериңер түшүм бербейт, дарактарыңар жемиш бербейт.
21Эгерде ушундан кийин да Мага каршы чыксаңар жана Мени уккуңар келбесе, анда күнөөлөрүңөр үчүн соккуну дагы жети эсе көбөйтөм.
22Силерге жырткыч айбандарды каптатам, алар балдарыңарды жейт, малдарыңарды кырат, өзүңөрдү да кырат, ошондо көчөлөрүңөр ээн калат.
23Эгерде ошондон кийин да оңолбой, Мага каршы чыга турган болсоңор,
24анда Мен да силерге каршы чыгам, күнөөлөрүңөр үчүн силерди жети эсе жазалайм.
25Менин келишимимди бузганыңар үчүн, кылыч менен өч алам. Эгерде шаарыңарга жашырынып алсаңар, анда жугуштуу оору каптатып, душманыңардын колуна салып берем.
26Адамга кубат берүүчү нандан өксүтөм. Он аял биригип, бир очокко нан бышырып, нанды өлчөп беришет. Жейсиңер, бирок тойбойсуңар.
27Эгерде ошондон кийин да Менин тилимди албай, Мага каршы чыксаңар,
28анда Мен да каарымды төгүп, силерге каршы чыгам, күнөөлөрүңөр үчүн силерди жети эсе жазалайм.
29Балдарыңар менен кыздарыңардын этин жейсиңер.
30Бутканаларыңарды кыйратам, мамыларыңарды талкалайм, өлүгүңөр кыйраган жасалма кудайларыңардын астында калат. Мен силерден жийиркенем.
31Шаарларыңарды чөлгө айлантам, ыйык жайыңарды ээн калтырам, курмандыгыңардын жагымдуу жытын жыттабайм.
32Жериңерге отурукташкан душмандарыңар айран-таң калгыдай кылып, жериңерди кыйратам.
33Ал эми өзүңөрдү ар кыл элдин арасына таратам, аркаңардан кылычымды сунам, жериңер ээн калат, шаарларыңарды талкалайм.
34Ошондо ээн калган жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Силер душман жеринде жашап жатканыңарда гана жер эс алып, ишемби жылдары үчүн эс алат.
35Силер жашап жатканда, ишемби жылдары эс албаган жер ээн калган күндөрдө эс алат.
36Душман жеринде тирүү калгандарыңарды суу жүрөк кылам, алар жалбырактын дирилдегенинен качып жөнөй турган болушат, артынан эч ким куубаса да, кылычтан качкансып качышат.
37Эч ким куубаса да, кылычтан жыгылгансып, бири-бирине чалынып жыгылышат, душмандарыңарга каршы турганга алыңар келбей калат.
38Ар кыл элдин арасында кырыласыңар, душмандарыңардын жеринде жок болосуңар.
39Ал эми тирүү калгандарыңар өзүңөрдүн мыйзамсыздыктарыңар үчүн, ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыктары үчүн душмандарыңардын жеринде чирийсиңер.
40Ошондо гана алар өздөрүнүн мыйзамсыздыктарын, ата-бабаларынын мыйзамсыздыктарын, Мага каршы чыгышканын, Мага каршы кылган кылмыштарын мойнуна алышат.
41Мына ошол үчүн Мен да аларга каршы чыгып, аларды өздөрүнүн душмандарынын жерине алып келгенде, алардын сүннөтсүз жүрөктөрү моюн сунуп, өздөрүнүн мыйзамсыз иштеринин азабын тартышат.
42Ошондо Мен Жакып менен, Ыскак менен, Ыбрайым менен түзгөн келишимимди жана ал жерди эстейм.
43Ошондо алар калтырып кеткен жер ишемби жылдары үчүн эс алат. Алар Менин мыйзамдарымды жек көргөндүгү үчүн, Менин мыйзамдарымдан баш тарткандыгы үчүн, өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн жазасын алышат.
44Бирок алар душмандарынын жеринде жашап жатканда да, Мен аларды четке какпайм, алардан жийиркенбейм, алар менен түзгөн келишимимди бузбайм, аларды таптакыр жок кылбайм, анткени Мен алардын Кудай-Теңиримин.
45Мен алар үчүн алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимди эстейм. Мен алардын ата-бабаларынын Кудайы болуш үчүн, аларды башка элдердин көз алдында Мисир жеринен алып чыккам. Мен Теңирмин”».
46Теңирдин Муса аркылуу Синай тоосунда Өзү менен Ысрайыл уулдарынын ортосуна койгон көрсөтмөлөрү, чечимдери, мыйзамдары ушулар.