Лебилер 27:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага мындай деп айтты:

2«Ысрайыл уулдарына мындай деп жарыяла: “Ким Теңирге кайсы бир нерсесин арноого убада берсе, сенин баалаганың боюнча

3ал адам ыйык шекел менен баалансын. Эгерде ал жыйырма жаштан алтымыш жашка чейинки эркек болсо, элүү ыйык күмүш шекелге баалансын.

4Эгерде аял болсо, анда отуз күмүш шекелге баалансын.

5Беш жаштан жыйырма жашка чейинки эркек жыйырма күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.

6Бир айдан беш жашка чейинки эркек бала беш күмүш шекелге, ал эми кыз үч күмүш шекелге баалансын.

7Алтымыш жаштан жогорку эркек он беш күмүш шекелге, ал эми аял он күмүш шекелге баалансын.

8Эгерде ал адам өтө эле жарды болсо, айтылган бааны бере албаса, анда аны ыйык кызмат кылуучуга алып келишсин, ыйык кызмат кылуучу аны жашоо шартына жараша бааласын.

9Ким Теңирге арнап мал алып келсе, анда ал мал курмандыкка чалынсын. Теңирге арнала тургандын баары ыйык болсун.

10Ал мал башка нерсеге айырбашталбасын, жакшысы жаманга же жаманы жакшыга алмаштырылбасын. Ким малды малга алмаштырса, анда экөө тең ыйык болуп эсептелсин.

11Эгерде Теңирге арнап курмандыкка чалганга жарабаган таза эмес мал алып келсе, анда ал малды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

12Ал мал жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу баалайт. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.

13Ким ал малдын кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда ал малдын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп сатып алсын.

14Ким Теңирдин ыйык жайы үчүн үйүн арнаса, ал үй жакшы болобу, жаман болобу, аны ыйык кызмат кылуучу бааласын. Ал кандай бааласа, ошондой болсун.

15Эгерде арнаган киши үйүнүн кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда сен койгон баа боюнча үйдүн баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо үй аныкы болот.

16Ким өз үлүшүнөн Теңирге жер арнаса, анда анын баасы себилген үрөнгө жараша болсун. Себилген бир хомер арпа үчүн элүү күмүш шекел.

17Ким өзүнүн жерин юбилей жылы арнаса, анда ал ыйык кызмат кылуучу койгон баада болсун.

18Ким өзүнүн жерин юбилей жылынан кийин арнаса, анда ыйык кызмат кылуучу аны кийинки юбилей жылына чейинки, калган жылдардын санына жараша бааласын, ошондо баасы азаят.

19Эгерде жерин арнаган киши аны кунун төлөп кайрып алгысы келсе, анда анын баасына күмүштүн бештен бир бөлүгүн кошсун, ошондо жер өзүндө калат.

20Эгерде ал жерин кунун төлөп кайрып албаса, жер башка кишиге сатылып кетсе, анда аны кунун төлөп кайтарып алууга болбойт.

21Ал жерди эч ким сатып албаса, юбилей жылы Теңирге арналган ыйык жер болуп калат. Ал жер түбөлүккө ыйык кызмат кылуучунуку болот.

22Ким Теңирге өзүнүн жерин эмес, сатып алган жерин арнаса,

23анда ыйык кызмат кылуучу аны юбилей жылына чейинки жылдардын санына жараша баалап, ошол эле күнү Теңирге арнасын.

24Ал жер юбилей жылы жердин биринчи ээсине өтөт.

25Ар бир нерсенин баасы ыйык шекел менен баалансын, бир шекелде жыйырма гер бар.

26Малдын биринчи төлүн эч ким Теңирге арнабасын, анткени биринчи төл Теңирге тиешелүү. Өгүз болобу, майда жандык болобу, алар Теңирдики.

27Эгерде мал таза эмес болсо, анда аны сен койгон баанын үстүнө баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп кайра кайрып алсын. Эгерде ал кунун төлөбөсө, анда ал сен койгон баада сатылышы керек.

28Ким Теңирге өз менчигинен адам, мал, жер арнаса, анда алар сатылбайт жана кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Теңирге арналгандын баары Теңир алдында ыйык.

29Теңирге арналган адам кун төлөнүп кайра кайтарылбайт. Ал өлтүрүлсүн.

30Бардык түшүмдүн: жердин түшүмүнүн, дарактардын жемишинин ондон бир бөлүгү Теңирге таандык. Бул Теңирдин алдында ыйык.

31Ким өзү берген түшүмдүн ондон бир бөлүгүнүн кунун төлөп кайра алгысы келсе, анда анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп берсин.

32Бодо мал менен майда малдын ондон бир бөлүгү, таяк астынан өткөн малдын онунчусу Теңирге арналсын.

33Ал жакшы же жаман деп тандалбасын, алмаштырылбасын. Эгерде аны алмаштырса, анда экөө тең Теңирге таандык болуп калат да, куну төлөнүп кайра кайтарылбайт”».

34Мына ушул осуяттарды Теңир Синай тоосунда Ысрайыл уулдарына Муса аркылуу берген.