Лебилер 3:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы бодо малдан алып келсе, анда кемчилиги жогунан алып келсин.

2Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

3Анан ал Теңирге арнап тынчтык курмандыгынын карын майын жана ичиндеги бүт майын,

4карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөк менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

5Арундун уулдары буларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо өрттөшсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

6Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы майда малдан алып келе турган болсо, кемчилиги жогунан алып келсин.

7Эгерде ал курмандыкка кой алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.

8Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары болсо анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

9Анан ал Теңирге арнап өрттөө үчүн, тынчтык курмандыгынын майын, кыр арканын учунан кесилген куйрук майын, карын майын, ичиндеги бүт майын,

10карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

11Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Отко өрттөлгөн бул курмандык Теңирге арналган курмандык болот.

12Эгерде ал курмандыкка эчки алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.

13Анан колун анын башына коюп, жыйын чатырынын алдында сойсун. Арундун уулдары анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

14Анан Теңирге арнап анын карын майын жана ичиндеги бүт майын,

15карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

16Анан ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Отко өрттөлгөн бул курмандык – жыты Теңирге жаккан курмандык, анын бардык майы Теңирге арналсын.

17Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга алардын жашаган жерине карабастан түбөлүккө калсын. Эч кандай май, эч кандай кан жебегиле».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>