1Теңир Мусага мындай деп айтты:
2«Ысрайыл уулдарына айт: “Ким Теңирдин осуяттарынын бирин жаңылыштык менен бузуп күнөө кылса жана кылууга болбой турган иштерди кылса,
3же майланган ыйык кызмат кылуучу күнөө кылып, элди күнөөкөр кылса, анда кылган күнөөсү үчүн бодо малдан кемчилиги жок букачарды Теңирдин алдына күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка алып келсин.
4Анан ал букачарды жыйын чатырынын эшигинин алдына, Теңирдин алдына алып келип, колдорун букачардын башына коюп, Теңирдин алдында сойсун.
5Майланган ыйык кызмат кылуучу букачардын канынан алып, жыйын чатырына алып кирсин.
6Анан ыйык кызмат кылуучу сөөмөйүн канга малып, Теңирдин алдында, ыйык жайдын көшөгөсүнүн алдында жети жолу чачсын.
7Ыйык кызмат кылуучу букачардын канын жыйын чатырында, Теңирдин алдында турган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын. Ал эми букачардын калган канын жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.
8Анан күнөө үчүн чалынган букачардын майынын баарын: карын майын, ичиндеги бүт майын,
9карчыганын астындагы эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алсын.
10Буларды тынчтык курмандыгына чалынган букачардыкындай кылып бөлүп алсын. Буларды ыйык кызмат кылуучу курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн.
11Ал эми букачардын терисин, бүт этин, башын, шыйрактарын, ичеги-карынын кан-жини менен,
12букачарды бүт бойдон стандын сыртындагы күл төгүлүүчү таза жерге алып чыгып, отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Ал күл төгүлүүчү жерде өрттөлсүн.
13Эгерде Ысрайыл жамааты жаңылыштык менен күнөө кылса, ал жамааттын алдында ачыкка чыкпаса же Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо,
14анда алар күнөө кылганын билишкенден кийин, бүткүл жамааттын күнөөсү үчүн курмандыкка бодо малдан бир букачар чыгарып, аны жыйын чатырынын алдына алып келишсин.
15Анан жамааттын аксакалдары Теңирдин алдында колдорун букачардын башына коюп, аны Теңирдин алдында союшсун.
16Анан майланган ыйык кызмат кылуучу букачардын канын жыйын чатырынын ичине алып кирсин.
17Ыйык кызмат кылуучу сөөмөйүн канга малып, Теңирдин алдына, ыйык жайдын көшөгөсүнүн алдына жети жолу чачсын.
18Анан канды жыйын чатырынын ичинде Теңирдин алдында турган курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми калган канды жыйын чатырынын кире беришинде турган курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын түбүнө төгүп салсын.
19Анан анын майынын баарын чыгарып алып, курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберсин.
20Кылган күнөө үчүн алып келген букачарды кандай кылса, бул букачарды да дал ошондой кылсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды ушинтип тазалайт, ошондо алардын кылган күнөөсү кечирилет.
21Мурунку букачарды өрттөгөндөй эле, бул букачарды да стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберсин. Бул жамааттын күнөөсү үчүн чалынган курмандык болот.
22Ал эми башчы күнөө кылса жана Кудай-Теңиринин осуяттарынын бирин жаңылыштык менен бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо,
23анда ал күнөө кылганын билгенден кийин, кемчилиги жок текени курмандыкка алып келсин.
24Анан колун текенин башына коюп, Теңирдин алдындагы бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союлуучу жерде сойсун. Бул курмандык күнөө үчүн чалынган курмандык болот.
25Анан ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынган курмандыктын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын. Ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.
26Анын бүт майын тынчтык курмандыгынын майын өрттөгөндөй кылып өрттөсүн. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.
27Элдин ичинен бир адам жаңылыштык менен күнөө кылса жана Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылып, күнөөлүү болсо,
28анда ал күнөө кылганын билгенден кийин, күнөөсү үчүн кемчилиги жок эчкини курмандыкка алып келсин.
29Анан күнөөсү үчүн алып келген курмандыктын башына колун коюп, күнөөсү үчүн чалынуучу эчкини бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союлуучу жерде сойсун.
30Анан ыйык кызмат кылуучу анын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.
31Анын майынын баарын тынчтык курмандыгынын майын бөлүп алгандай кылып бөлүп алсын. Анан ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык. Ыйык кызмат кылуучу аны ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.
32Эгерде ал кылган күнөөсү үчүн кой алып келгиси келсе, анда кемчилиги жок ургаачы кой алып келсин.
33Анан ал колун күнөөсү үчүн чалынуучу курмандыктын башына коюп, аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союлуучу жерде сойсун.
34Анан ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канына сөөмөйүн малып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын мүйүздөрүнө сыйпасын, ал эми анын калган канын курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүп салсын.
35Анан анын бүт майын тынчтык курмандыгына чалынган койдун майындай кылып бөлүп алсын. Анан бул майды ыйык кызмат кылуучу Теңирге арнап курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.