Лебилер 5:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Ким бирөөнүн каргыш айтканын угуп, ошого күбө болуп туруп же көрүп-билип туруп айтпай койсо, анда ал күнөөлүү болот.

2Ким таза эмес бир нерсеге, адал эмес жаныбардын, же адал эмес малдын, же адал эмес сойлоочу жаныбардын өлүгүнө билбей тийип алса, ал билбегенине карабастан таза эмес жана айыптуу болуп калат.

3Ким адамдын булгай турган кандайдыр бир таза эмес нерсесине билбей тийип алса, бирок аны кийин билсе, ал кийин билгенине карабастан айыптуу болуп калат.

4Адамдар ойлонбостон ант берип алгандай, ким жаманбы-жакшыбы, кандайдыр бир ишти кылам деп, ойлонбой туруп ант берип, анысын унутуп калса, бирок кийин эстесе, ал кийин эстегенине карабастан айыптуу болуп калат.

5Ким ушулардын бирин кылып айыптуу болсо, анда ал кылган күнөөсүн мойнуна алып ачык айтсын.

6Ал кылган күнөөсү үчүн Теңирге арнап курмандыкка майда жандыктан кой же эчки алып келсин, ошондо ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн тазалайт.

7Эгерде кой алып келе албаса, анда күнөөсүнүн айыбы үчүн Теңирге арнап курмандыкка эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин. Бирин күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка алып келсин.

8Аларды ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу күнөө үчүн алып келинген биринчи канаттуунун мойнун сындырып койсун, бирок жулуп албасын.

9Күнөө үчүн чалынган бул курмандыктын канын курмандык чалынуучу жайдын капталына чачсын, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө сыгып салсын. Бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

10Ал эми экинчисин эрежеси боюнча бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалсын. Ыйык кызмат кылуучу аны кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

11Эгерде ал эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келе албаса, анда күнөөсү үчүн курмандыкка эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келсин. Ага зайтун майын куйбасын, ладан да салбасын, анткени бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

12Ал аны ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Теңир эсине алышы үчүн, ыйык кызмат кылуучу андан бир ууч толтура алып, курмандык чалынуучу жайда Теңирге арнап өрттөсүн. Бул күнөө үчүн чалынган курмандык болот.

13Жогоруда айтылгандардын бирин кылып күнөөгө баткан адамды ыйык кызмат кылуучу күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет. Ал эми артып калганы нан курмандыгы сыяктуу эле ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү”».

14Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

15«Ким кылмыш кылса жана Теңирге арналган нерселерге каршы жаңылыштык менен күнөө кылса, анда ал айыбы үчүн Теңирге арнап майда малдан кемчилиги жок кочкор алып келсин. Сен ал кочкорду ыйык шекел болгон күмүш шекел менен баала. Бул айып үчүн чалынган курмандык болот.

16Ал Теңирдин кайсы ыйык нерсесине каршы күнөө кылса, ошону төлөп берсин. Анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ыйык кызмат кылуучуга берсин. Аны ыйык кызмат кылуучу кылган күнөөсүнөн айып үчүн чалынуучу курмандыкка кочкорду чалуу менен тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

17Ким күнөө кылса жана Теңирдин осуяттарынын бирин бузуп, кылууга болбой турган бир иш кылса, билбестиктен күнөөлүү болуп, мойнунда күнөөсү болсо,

18анда ал айып үчүн чалынуучу курмандыкка ыйык кызмат кылуучу баалаган кемчилиги жок кочкорду алып келсин. Ыйык кызмат кылуучу аны билбей кылган күнөөсүнөн ушинтип тазалайт, ошондо анын күнөөсү кечирилет.

19Бул курмандык Теңирдин алдындагы айып үчүн чалынган курмандык болот».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>