Лебилер 6:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

2«Ким Теңирдин алдында күнөө кетирсе, кылмыш кылса, өз жакынынын сактап турууга берген нерсесин бербей танып кетсе, же бирөөнүн буюмун менчиктеп алса, же уурдап алса, же жакынын алдап кетсе,

3же бирөөнүн жоголгон буюмун таап алып унчукпай койсо, адамдар калп айтып карганып күнөөгө баткандай, калп айтып карганса,

4анда ал күнөө кылып айыптуу болгондуктан, уурдап алганын, же менчиктеп алганын, же сактап турууга берилген нерсени, же таап алган нерсесин кайтарып берсин.

5Эгерде ал бирөөнүн бир нерсеси жөнүндө калп айтып карганса, аны толугу менен кайтарып берсин. Айып үчүн чалынуучу курмандыгын алып келген күнү анын баасына баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп, ээсине кайтарып берсин.

6Ал сенин баалаганың боюнча, айып үчүн чалынуучу курмандыкка койлордун ичинен кемчилиги жок кочкорду Теңирге арнап ыйык кызмат кылуучуга алып келсин.

7Ыйык кызмат кылуучу аны Теңирдин алдында күнөөдөн тазалайт, ошондо ал кандай гана күнөө кылып айыптуу болбосун, бардыгы кечирилет».

8Анан Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

9«Арун менен анын уулдарына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө төмөнкүдөй мыйзамды бер: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык курмандык өрттөлүүчү жайда түнү бою калсын, курмандык чалынуучу жайдагы от түнү бою күйүп турсун.

10Ыйык кызмат кылуучу зыгыр буласынан токулган сырт кийими менен зыгыр буласынан токулган ич кийимин кийип, курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлгөн курмандыктан калган күлдү чыгарып алып, курмандык чалынуучу жайдын жанына койсун.

11Анан үстүндөгү кийимдерин чечип, башка кийимдерди кийип, күлдү стандын сыртындагы таза жерге алып чыксын.

12Курмандык чалынуучу жайдагы от болсо өчпөстөн күйүп турсун. Ыйык кызмат кылуучу ага ар күнү эртең менен отун жагып, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты коюп, анын үстүнө тынчтык курмандыгынын майын коюп өрттөп турсун.

13Курмандык чалынуучу жайда от дайыма күйүп турсун, өчпөсүн.

14Нан курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай: Арундун уулдары аларды Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайга алып келишсин.

15Анан ыйык кызмат кылуучу нан курмандыктарынын ичинен зайтун майы кошулган, үстүнө ладан салынган буудай унунан бир ууч алып, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда өрттөсүн. Бул курмандык – Теңир эсине алышы үчүн өрттөлгөн, жыты Теңирге жаккан курмандык.

16Нан курмандыгынын калганын Арун менен анын уулдары жесин. Алар ачыткысыз нанды ыйык жайда, жыйын чатырынын короосунда жешсин.

17Ал ачыткы кошулбай бышырылсын. Мен муну Мага арналган курмандыктардын ичинен аларга үлүш кылып бердим. Бул – күнөө үчүн жана айып үчүн чалынган курмандык сыяктуу эле эң ыйык курмандык.

18Аны Арун тукумунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Теңирдин курмандыктарынын ичинен бул силердин тукумуңардын түбөлүк үлүшү болсун. Ага тийгендин баары ыйык болуп калат”».

19Анан Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

20«Арундун жана анын уулдарынын ыйык кызматка майланган күнү Теңирге алып келе турган курмандыгы бул: дайыма алып келинүүчү эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай уну. Анын жарымын эртең менен, жарымын кечинде алып келишсин.

21Ал зайтун майы кошулуп көмөч казанга бышырылсын. Сындырып-сындырып алып келген нан курмандыгындай кылып, аны да сындырып-сындырып, үстүнө зайтун майын куюп алып кел. Аны жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып кел.

22Аны Арундун уулдарынын ичинен атасынын ордуна дайындалган ыйык кызмат кылуучу чалсын. Бул – Теңирдин түбөлүк мыйзамы. Ал бүт бойдон өрттөлсүн.

23Ыйык кызмат кылуучу алып келген бардык нан курмандыктары желбестен, бүт бойдон өрттөлсүн».

24Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

25«Арун менен анын уулдарына күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндөгү мыйзам мындай деп айт: “Күнөө үчүн чалынуучу курмандык Теңирдин алдында, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар союла турган жерде союлсун. Бул – эң ыйык нерсе.

26Аны күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты чалып жаткан ыйык кызмат кылуучу жесин. Ал ыйык жерде, жыйын чатырынын короосунда желсин.

27Анын этине тийгендин баары ыйык болуп калат. Эгерде анын каны кийимге чачыраса, анда кан чачыраган кийимди ыйык жерде жуу.

28Ал бышырылган чопо идишти талкалап сал. Эгерде ал жез идиште бышырылса, анда аны тазалап, суу менен жуу.

29Аны ыйык кызмат кылуучулар тукумунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Бул – эң ыйык нерсе.

30Күнөө үчүн чалынуучу курмандыктын каны ыйык жайды ыйыкташ үчүн, жыйын чатырына киргизилсе, анда ал курмандык желбесин. Ал отко өрттөлсүн.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>