Лебилер 7:1-38 KYB2004 - Bible AI

1Айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндөгү мыйзам мындай: бул – эң ыйык нерсе.

2Айып үчүн чалынуучу курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союлуучу жерде союлсун, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгыш керек.

3Курмандыкты алып келген адам анын майынын баарын: куйрук майын, карын майын,

4карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

5Мунун баарын ыйык кызмат кылуучу Теңирге арнап курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул айып үчүн чалынган курмандык болот.

6Аны ыйык кызмат кылуучулар уруусунун эркек аттууларынын баары жесе болот. Ал ыйык жерде желсин. Бул – эң ыйык нерсе.

7Күнөө үчүн чалынуучу курмандык менен айып үчүн чалынуучу курмандыктын мыйзамы бир. Бул курмандык күнөөдөн тазалаган ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.

8Ыйык кызмат кылуучу бирөөнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын өрттөсө, ал өрттөгөн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын териси ага тиешелүү.

9Тандырга, карапага же көмөч казанга бышырылган нан курмандыктарынын баары аларды Теңирдин алдына алып келген ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.

10Нан курмандыктарынын зайтун майы кошулганы да, кошулбаганы да Арундун уулдарынын баарына тиешелүү.

11Теңирге арнап алып келген тынчтык курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай:

12Ким курмандыкты ыраазычылык билдирүү үчүн алып келсе, анда ал ыраазычылык билдирүү курмандыгына зайтун майы кошулган ачыткысыз нандарды, ачыткы кошулбай бышырылган, үстүнө зайтун майы сыйпалган токочторду, зайтун майы сиңирилген буудай унун, зайтун майы кошулган нандарды алып келсин.

13Ал ыраазычылык билдирүү үчүн алып келген тынчтык курмандыгын алып келгенде, токочтордон сырткары ачыткы кошулган нан алып келсин.

14Бардык курмандыктардын ичинен бирөөнү ал Теңирдин алдында өйдө көтөрсүн. Бул курмандык тынчтык курмандыгынын канын чачкан ыйык кызмат кылуучуга тиешелүү.

15Ыраазычылык билдирип алып келген тынчтык курмандыгынын эти ошол эле күнү желсин. Андан эртең мененкиге калбасын.

16Ким Теңирге арнап убада боюнча же өз каалоосу боюнча курмандык алып келсе, анда ал курмандык алып келген күнү желсин, артып калганын эртеси күнү жесе болот.

17Ал эми курмандыктын үчүнчү күнгө калган эти өрттөлсүн.

18Эгерде тынчтык курмандыгынын эти үчүнчү күнү желе турган болсо, бул Кудай үчүн жагымсыз. Анын алып келгени эсепке алынбайт. Ал таза эмес болуп эсептелет, ким аны жесе, ал күнөөлүү болот.

19Эгерде бул эт таза эмес бир нерсеге тийип кетсе, анда ал желбестен, өрттөлсүн. Ал эми таза этти ар бир таза адам жесе болот.

20Ким таза эмес болуп турганда Теңирге арналган тынчтык курмандыгынын этин жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын.

21Ким таза эмес нерселерге: адамдын таза эмес нерсесине, же таза эмес малга, же таза эмес сойлоочу жаныбарга тийип, анан Теңирге арналган тынчтык курмандыгынын этинен жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын”».

22Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

23«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Өгүздүн да, койдун да, эчкинин да майын жебегиле.

24Өлгөн малдын же жырткыч жара тарткан малдын майын ар кандай нерсеге пайдаланса болот, бирок жегенге болбойт.

25Ким Теңирге курмандыкка алып келинген малдын майын жесе, ал өз элинин арасынан жок кылынсын.

26Кайсы жерде жашасаңар да, эч кандай канаттуунун, эч кандай малдын канын жебегиле.

27Ким кайсы бир жандыктын канын жесе, анда ал адам өз элинин арасынан жок кылынсын”».

28Теңир Мусага дагы мындай деп айтты:

29«Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Ким Теңирге тынчтык курмандыгын алып келсе, анда ал тынчтык курмандыгынын тиешелүү бөлүгүн Теңирге өзү алып келсин.

30Ал курмандыкты Теңирге өз колу менен алып келүүгө тийиш. Ал курмандыктын майы менен төшүн Теңирдин алдында силкилдетсин.

31Майын ыйык кызмат кылуучу курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, ал эми төшү Арун менен анын уулдарына тиешелүү.

32Тынчтык курмандыгыңардын ичинен курмандыктын оң санын силкилдетиле турган курмандык катары ыйык кызмат кылуучуга бергиле.

33Арундун уулдарынын ичинен тынчтык курмандыгынын канын курмандык чалынуучу жайга чачкан, майын өрттөгөн уулуна курмандыктын оң саны тиешелүү.

34Анткени Мен Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен силкилдетиле турган төш менен өйдө көтөрүлө турган оң санды Ысрайыл уулдарынан түбөлүк үлүш катары ыйык кызмат кылуучу Арунга жана анын уулдарына бердим”».

35Арун менен анын уулдарынын Теңирдин алдында ыйык кызматка чакырылган күндөн баштап, Теңирге арналган курмандыктардын ичинен алган үлүшү ушул.

36Теңир аларды ыйык кызматка майлаган күндөн баштап, аларга Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардан ушул үлүштү берип турууга буйрук кылган. Бул – алардын укум-тукумуна түбөлүккө калган көрсөтмө.

37Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жөнүндө, нан курмандыгы жөнүндө, күнөө үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө, айып үчүн чалынуучу курмандык жөнүндө, ыйык кызматка арноо курмандыгы жөнүндө жана тынчтык курмандыгы жөнүндө берилген мыйзамдар ушулар.

38Теңир Мусага Синай тоосунда берген мыйзамдар ушулар. Ал бул мыйзамдарды Синай чөлүндө Ысрайыл уулдарына Теңирге арнап курмандыктарды алып келүүнү буйруган күнү берген.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>