1Теңир Мусага мындай деп айтты:
2«Арунду, аны менен бирге анын уулдарын, алардын кийимдерин, майлоочу майды, күнөө үчүн курмандыкка чалына турган букачарды, эки кочкорду, бир себет ачыткысыз нанды алып кел.
3Бүт жамаатты да жыйын чатырынын эшигинин алдына чогулт».
4Теңир Мусага кандай буйруса, ал ошондой кылды. Бүт жамаат жыйын чатырынын эшигинин алдына чогулду.
5Ошондо Муса жамаатка кайрылып, мындай деди: «Теңир мындай кылууну буйруду…»
6Муса Арунду жана анын уулдарын чакырып, сууга жуунтту.
7Арунга узун көйнөк кийгизип, белине бел курчоо курчап, анын үстүнөн чапан кийгизди. Анан эфод кийгизип, бел курчоо курчап, эфоддун үстүнөн байлады.
8Анын үстүнөн төш чөнтөк тагып, анын ичине урим менен тумимди салды.
9Теңир Мусага буйругандай, анын башына кидар кийгизип, кидардын алды жагына жылмаланган алтын тактайчаны, ыйык таажыны такты.
10Анан Муса майлоочу майды алып, жыйын чатырын, анын ичинде болгон нерсенин баарын ыйыктады.
11Анан майлоочу майдан алып, курмандык чалынуучу жайга жети жолу чачып, курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту, анын түбүн ыйыкташ үчүн майлады.
12Анан майлоочу майдан Арундун башына куйду, аны ыйыкташ үчүн майлады.
13Теңир буйругандай, Муса Арундун уулдарын да чакырып, аларга да узун көйнөк кийгизип, белдерине бел курчоо курчап, баштарына кидар кийгизди.
14Анан ал күнөө үчүн курмандыкка чалынуучу букачарды алып келди. Арун менен анын уулдары букачардын башына колдорун коюшту.
15Муса аны союп, канына сөөмөйүн малып, курмандык чалынуучу жайдын төрт тарабындагы мүйүздөргө сыйпап, курмандык чалынуучу жайды ыйыктады. Ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төктү. Аны таза кылыш үчүн, ошентип ыйыктады.
16Анан Муса курмандыктын ичиндеги майынын баарын: боор майын, эки бөйрөгүн, алардын майын алып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.
17Букачарды, терисин, этин жана кан-жинин, Теңир Мусага буйругандай, стандын сыртына алып чыгып, отко өрттөп жиберди.
18Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу кочкорду жетелеп келди. Арун менен анын уулдары колдорун кочкордун башына коюшту.
19Анан Муса аны союп, анын канынан алып, курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.
20Анан кочкорду жиликтеп бөлүп, башын, майын, жиликтенген эттерин өрттөдү.
21Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, кочкорду бүт бойдон курмандык чалынуучу жайда өрттөдү. Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү бул курмандык – Теңир Мусага буйругандай, Теңирге арналган курмандык.
22Анан ал ыйык кызматка дайындоодо чалынуучу экинчи кочкорду алып келди. Арун жана анын уулдары колдорун кочкордун башына коюшту.
23Муса аны союп, канынан алып, Арундун оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагына жана оң бутунун бармагына сыйпады.
24Ал Арундун уулдарын да чакырып алып, алардын оң кулактарынын көнчөгүнө, оң колдорунун бармактарына, оң буттарынын бармактарына сыйпады. Анан канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.
25Анан анын майын, куйрук майын, бүт ич майын, боор майын, эки бөйрөгүн, алардын майын, оң санын алды.
26Анан Теңирдин алдында турган себеттеги ачыткысыз нандан бирди, зайтун майы кошулган нандан бирди жана токочтон бирди алып, аларды май менен оң сандын үстүнө койду.
27Муса мунун баарын Арундун жана анын уулдарынын колдоруна берди. Алар аны Теңирдин алдында силкилдетишти.
28Анан Муса буларды алардын колдорунан алып, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайда өрттөдү. Бул курмандык – ыйык кызматка дайындоого арналган, жыты Теңирге жаккан курмандык.
29Муса төштү алып, Теңирдин алдында силкилдетти. Теңир Мусага буйругандай, ыйык кызматка дайындоодо курмандыкка чалынган кочкордон Мусага тийген үлүш ушул.
30Анан Муса майлоочу майдан жана курмандык чалынуучу жайдагы кандан алып, Арунга жана анын кийимдерине, анын уулдарына жана алардын кийимдерине чачты. Арунду жана анын кийимдерин, анын уулдарын жана алардын кийимдерин ушинтип ыйыктады.
31Анан Муса Арунга жана анын уулдарына мындай деди: «Этин жыйын чатырынын эшигинин алдына бышыргыла, ыйык кызматка дайындоого арналган себеттеги нан менен кошо аны ошол жерде жегиле. Мага “Аны Арун жана анын уулдары жесин” деген буйрук берилген.
32Ал эми эт менен нандын артып калганын өрттөгүлө.
33Силерди ыйык кызматка дайындоо күндөрү бүткөнгө чейин, жети күн жыйын чатырынын эшигинин алдынан кетпегиле, анткени силерди ыйык кызматка дайындоо мөөнөтү жети күнгө созулат.
34Силердин тазаланууңар бүгүнкүдөй болушу керек, Теңир ошондой буйруган.
35Жыйын чатырынын эшигинин алдында жети күн бою күнү-түнү тургула, өлүп калбашыңар үчүн, Теңирдин алдында сак тургула, анткени мага Кудай-Теңирден ушундай буйрук болгон».
36Теңир Муса аркылуу эмне буйруса, Арун жана анын уулдары ошонун баарын аткарышты.