1Сегизинчи күнү Муса Арунду, анын уулдарын жана Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып,
2Арунга мындай деди: «Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бодо малдын ичинен бир букачар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алып келип, Теңирдин алдына кой, экөө тең кемчилиги жок болсун.
3Анан Ысрайыл уулдарына мындай де: “Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок букачар жана бир жылдык козу алып келгиле.
4Теңирдин алдында курмандык чалуу үчүн, тынчтык курмандыгына бир өгүз, бир кочкор, нан курмандыгына зайтун майы кошулган нандарды алып келгиле, анткени бүгүн силерге Теңир келет”».
5Ошондо алар Муса буйругандын баарын жыйын чатырынын алдына алып келишти. Бүт жамаат келип, Теңирдин алдында турду.
6Ошондо Муса аларга: «Теңир буйругандай кылсаңар, силерге Теңирдин даңкы келет», – деди.
7Анан Муса Арунга мындай деди: «Теңир буйругандай, курмандык чалынуучу жайга чыгып, күнөө үчүн чалынуучу жана бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чалып, өзүңдү да, элиңди да күнөөдөн тазала, элдин алып келген курмандыктарын да чалып, бардыгын күнөөдөн тазала».
8Ошондо Арун курмандык чалынуучу жайга келип, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка өзү үчүн букачар сойду.
9Арундун уулдары ага анын канын алып келишти. Ал сөөмөйүн канга малып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүнө сыйпады, ал эми калган канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төктү.
10Ал эми күнөө үчүн чалынган курмандыктын майын, бөйрөктөрүн жана боор майын, Теңир Мусага буйругандай кылып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.
11Эти менен терисин стандын сыртына алып чыгып өрттөп жиберди.
12Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты мууздады. Арундун уулдары ага курмандыктын канын алып келишти. Ал канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.
13Анан ага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын жиликтеп бөлүнгөн эттерин, башын алып келишти. Ал аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.
14Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын сууга жууп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.
15Анан эл алып келген курмандыкты – күнөө үчүн алып келген текени сойду. Аны мурунку курмандыктай кылып, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка чалды.
16Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да өзүнүн эрежеси боюнча курмандыкка чалды.
17Анан нан курмандыктарынан колдоруна толтуруп алып келип, эртең менен өрттөлүүчү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө кошуп өрттөдү.
18Анан тынчтык курмандыгына эл алып келген өгүз менен кочкорду чалды. Арундун уулдары алардын канын алып келишти. Арун канды курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыкты.
19Өгүздүн майын, кочкордун куйрук майын, карын майын, бөйрөктөрүн, боор майын алып келип,
20төштүн үстүнө коюшту. Анан Арун ал майларды курмандык чалынуучу жайда өрттөдү.
21Теңир Мусага буйругандай кылып, Арун төш менен оң санды Теңирдин алдында силкилдетти.
22Анан Арун колун жайып, элге кайрылып, аларга батасын берди. Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыгын чалып, курмандык чалынуучу жайдан түштү.
23Муса менен Арун жыйын чатырына киришти. Анан сыртка чыгып, элге бата беришти. Ошондо бүт элге Теңирдин даңкы көрүндү.
24Теңирден от түшүп, курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен майды өрттөп кетти. Муну бардык эл көргөндө, кубанганынан кыйкырып, жүзтөмөндөп жыгылды.