Лука 10:1-42 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин Теңир башка жетимиш шакиртти тандап, аларды ар бир шаарга, Өзү бармакчы болгон ар бир жерге эки-экиден кылып, Өзүнөн мурун жөнөтүп жатып, мындай деди:

2«Түшүм көп, бирок жумушчулар аз. Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнунан Өзүнүн түшүмүн жыйноого жумушчуларды жиберүүсүн өтүнгүлө.

3Баргыла, мен силерди козуларды карышкырлардын арасына коё бергендей жиберип жатам.

4Капчык да, баштык да, бут кийим да албагыла, жолдо эч ким менен саламдашпагыла.

5Кайсы үйгө кирсеңер да, адегенде: “Бул үйгө тынчтык келсин!” – деп айткыла.

6Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл ала турган адам болсо, анда силердин тынчтыгыңар ошол үйдө калат. Эгерде жок болсо, анда өзүңөргө кайтып келет.

7Ошол үйдө калып, алардын берген тамагын ичип-жегиле. Анткени эмгектенген адам эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө көчпөгүлө.

8Кайсы бир шаарга барганыңарда, силерди кабыл алышса, берген тамагын жегиле.

9Ал жердеги оорулууларды айыктырып, аларга: “Кудайдын Падышачылыгы силерге жакындап калды”, – деп айткыла.

10Эгерде кайсы бир шаарга барганыңарда, силерди кабыл алышпаса, анда көчөгө чыгып:

11“Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды да силерге күүп таштайбыз. Бирок силерге Кудайдын Падышачылыгы жакындап калганын билип койгула”, – деп айткыла.

12Силерге айтып коёюн, ошол күнү ал шаарга караганда Содомго жеңилирээк болот.

13Хоразин, сага кайгы! Бетсайида, сага кайгы! Анткени силерге көрсөтүлгөн керемет иштер Тир менен Сидонго көрсөтүлсө, анда алар алда качан эле зумбал кийип, күлгө отуруп, тобо кылышмак.

14Бирок сотто силерге караганда, Тир менен Сидонго жеңилирээк болот.

15Сен, Капернаум, асманга чейин көтөрүлмөкчүсүңбү? Сен өлгөндөр жаткан жайга чейин төмөн түшөсүң.

16Ким силерди укса, ал Мени уккан болот. Ким силерди кабыл албаса, ал Мени кабыл албаган болот. Мени кабыл албаган адам болсо, Мени жиберген Кудайды кабыл албаган болот».

17Ыйсанын жетимиш шакирти кубаныч менен кайтып келип: «Теңир, Сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да баш ийишти», – дешти.

18Ыйса аларга: «Мен шайтандын чагылган түшкөн сыяктуу, асмандан кулап түшкөнүн көрдүм.

19Мен силерге жыландарды, чаяндарды жана душмандын бардык күчүн тебелеп таштагыдай бийлик бергем. Эми эч нерсе силерге зыян келтире албайт.

20Бирок жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла», – деди.

21Ошол учурда руху кубанган Ыйса: «Ата, Сен асман-жердин Теңирисиң! Муну акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын. Ооба, Ата, анткени Сенин тилегиң ушундай болчу!» – деди.

22Анан Ал: «Мага бардыгын Атам берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт. Ал эми Атасынын ким экенин Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт», – деди.

23Анан шакирттерине бурулуп, аларга гана: «Силер көргөн нерселерди көрүп турган көздөр бактылуу!

24Анткени силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар жана падышалар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок», – деди.

25Ыйсаны сынамакчы болгон бир мыйзам окутуучу ордунан туруп, Андан: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек?» – деп сурады.

26Ыйса ага: «“Тоорат” китебинде эмне деп жазылган? Андан кандай сөздөрдү окуп жүрөсүң?» – деди.

27«Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй», – деп жооп берди ал.

28Ыйса ага: «Сен туура жооп бердиң, ушундай кылгын, ошондо түбөлүк өмүргө ээ болосуң», – деди.

29Бирок ал өзүн актамакчы болуп, Ыйсадан: «Менин жакыным ким?» – деп сурады.

30Ошондо Ыйса ага муну айтып берди: «Бир адам Иерусалимден Жерихо шаарына бара жатып, каракчылардын колуна түшүп калат. Каракчылар анын кийимин сыйрып алып, сабап, араң жан кылып таштап кетишет.

31Бир ыйык кызмат кылуучу ошол жол менен өтөт да, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.

32Бир леби да ошол жерден өтүп бара жатып, аны көрүп, четтеп өтүп кетет.

33Самариялык бир киши да өтүп бара жатып, аны көрөт да, ага боору ачып,

34жанына келип, анын жарааттарына май менен шарап сыйпап таңат. Анан аны өзүнүн эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ал үчүн кам көрөт.

35Эртеси күнү жолго чыгарында, эки динарий алып чыгып, мейманкананын ээсине берип: “Бул кишини кара. Эгерде ашыкча каражат жумшасаң, кайтып келгенимде төлөп берем”, – дейт.

36Ушул үчөөнүн кимиси каракчылардын колуна түшкөн адамдын жакыны болот деп ойлойсуң?» – деп сурады.

37Мыйзам окутуучу Ыйсага: «Ага кайрымдуулук кылганы», – деди. Ошондо Ыйса ага: «Бар, сен да ушундай кыл», – деди.

38Ыйса шакирттери менен бара жатып, бир айылга кирди. Ал жерден Марта деген аял Аны үйүнө чакырып коноктоду.

39Анын Мариям деген сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын бут жагында Анын сөзүн угуп отурду.

40Марта болсо конок камын көрүп жүрдү. Бир маалда Ыйсага келип: «Теңир, сиңдимдин бардык жумушту мага таштап койгону Сен үчүн баары бирби? Айтчы, мага жардам берсин», – деди.

41Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Марта, Марта! Сен көп нерсе менен алектенип, убара болуп жатасың.

42Бирок бир гана нерсе керек. Мариям жакшысын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>